Суу маселеси чечилүүсү шарт

16 - Февраля  2018 | 8 : 47554
Суу маселеси чечилүүсү шарт

 

Өкмөттүн Жалал-Абад областы боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Кыянбек Сатыбалдиев бүгүн өмүрүн айыл чарба тармагына арнаган кызматкерлер менен жолугушту.

Анда талаачылыкта, айыл чарба багытында тажрыйбасы мол   кызматкерлер жана аксакалдар,   кооперативдердин өкүлдөрү катышып, аймакты өнүктүрүү боюнча өз пикирлерин, бир катар көйгөйлөрдү ортого салышты.  

Ал маалымдагандай,  дубанда Токтогул, Ала-Бука, Ноокен райондорунда  ЕАЭБдин талаптарына жооп берген фитосанитардык лабораториялар түзүлдү. Эми алардын жабдыктарын жаңылоодо калды, бирок бир топ сумма зарылдыгы турат.  Бул жаатта өкмөттүн колдоосу менен иш алып барылат.

 Ал эми жыйындын катышуучулар да аймактагы бир топ маселелерди айтып чыгышты.  Анда айтылгандай,  Көк-Арт айыл аймагында гектарлаган жерлерге суу келбей, кайракы жерге айланган, чындыгында суу сактагыч куруунун зарылдыгы турат. Мамлекет тарабынан жасалма уруктандыруучу пункттарга шаймандар берилген менен жыйынтыгы көзгө көрүнбөй  жатат. Пункттардын дээрлиги ишин жөнгө салып кетпеди, 10-15 пайызы гана жакшы иштеп жатат. Андыктан алардын ишин көзөмөлгө алуу керек болуп турат.   Мамлекет кооперативдердин иштөөсүн  колго алуу үчүн аларды жер салыгынан бошотуу сыяктуу мүмкүнчүлүктөрдү карашы керек, ошондо гана дыйкандарда кызыгуу, умтулуу пайда болот. Дыйкандарда топурактын асылдуулугун арттыруу ыкмалары боюнча да маалымат аз болуп, мол түшүм ала албай жатышат. Андыктан дыйкандарды окутуунун да зарылдыгы турат.  Жыйын катышуучулары балды чет жактарга өлкөнүн атынан бренд кылып алып чыгууга  алып чыгуу, сүт заводдордун зарылдыгын айтышты.  Токтогулдан келген Тазабек Сарпашев бал менен суу маселесин көтөрдү:

-Биз бал менен алектенген фирмаларга кирип алсак утук албайбыз, алар биздин продукцияны алып алышып өздөрүнө бренд кылып алышат. Биз сырткы соодага өз алдыбызга бренд катары чыгуубуз керек. Былтыркы жылы Сеулга барып келдим, ал жакта балдын килограммы  80 доллар экен, 100 кг алып бардым эле 40 доллардан сатып келдим, жол акымды актады.  Ал жактын базарына сатуу үчүн мамлекет уруксат алып берсе биз өз продукцияларыбызды сатууга жакшы мүмкүнчүлүк түзүлмөк-деген пикирин билдирди. Ошондой эле ал районду өнүктүрүү үчүн түзүлгөн “Атайын эсеп” ишканасынын бөлүп жаткан каражаттарына да көз салып коюунун зарылдыгына токтолду:

-Биздин районго жылына 70 миллион сом бөлүнөт.   Мында бөлүнгөн каражат район элинин суу муктаждыгына чечүүгө багытталат. Тилекке каршы акыркы эки жылдан бери бир дагы айыл өкмөткө суу муктаждыгы боюнча  каражат бөлүнгөн эмес, бир да сугат системасы ишке кирген жок. Көчөлөр оңдолуп, жарыктандырылып жатат ал үчүн рахмат. Бирок негизги максат район элинин сууга болгон муктаждыктары чечилиши керек да, насостор үчүн бөлүнөт.  Албетте иштер жүрдү, электр энергиясы менен 10 насостук станция иштесе, бешке кыскарды. Азыр калган насостук станцияларга 0,8 тыйындан   жылына 13 миллион сом кетип жатат.

Мына ушул сыяктуу көйгөйлөрдү, чечүүнүн жолдору боюнча ой бөлүшкөн ардагерлерге ыйгарымдуу өкүл ыраазычылык билдирүү менен, мындан ары да пикир бөлүшүп тураарын айтты.

Жумагүл ШАЙЫКОВА

 

 

Досторуң менен бөлүш

Коментарии FACEBOOK:



Тектеш жаңылыктар

Көк-Жаңгакта аскер кызматкерлеринин балдары үчүн  бала бакча ачылат Көк-Жаңгакта аскер кызматкерлеринин балдары үчүн бала бакча ачылат

Былтыркы жылы өлкө башчысы Алмазбек Атамбаев Көк-Жаңгак шаарындагы  №52870 аскер  бөлүгүн расмий ачылуусуна келгенде, аскер кызматкерлеринин балдарын бакча менен камсыздоо маселеси айтылган.  Өлкө башчы...

9 - Июня  2016 | 11 : 30580
Электрондук-санарип кол тамгасын колдонуу маселеси талкууланды Электрондук-санарип кол тамгасын колдонуу маселеси талкууланды

Жалал-Абад шаарында электрондук-санарип кол тамгасын колдонуу маселесин  ишкерлердин катышуусундагы тегерек үстөлдө талкууланды Жакында  “Жалал-Абад шаарынын ишкерлеринин электрондук-санарип кол...

6 - Июня  2016 | 17 : 39530
Ооруканага профсоюз өкүлдөрү келди Ооруканага профсоюз өкүлдөрү келди

Социалисттик Эмгектин Баатыры Шамшидин Сүйөркулов атындагы борборлоштурулган аймактык оорукананы медициналык кызматкерлердин республикалык тармактык профсоюздарынын өкүлдөрү көрүп чыкты. Мамлекетибиздин ...

6 - Июня  2016 | 17 : 421810
Төрт бөлмө жаңы  ачылды Төрт бөлмө жаңы ачылды

Тогуз-Торо районунун №4-Иса Иманбердиев атындагы орто мектептин мугалимдери мектеп окуучуларына тереңдетилген билим берүүгө умтулууда. Бул багытта мектепте өткөн жумада жаңыдан төрт класс-кабинет  ачылды. Бул...

6 - Июня  2016 | 17 : 44494
Област а 7 адам ипотекалык насыядан үйлүү болушту Област а 7 адам ипотекалык насыядан үйлүү болушту

Бүгүнкү күнгө чейин Жалал Абад областында 7 адам ипотекалык насыядан үйлүү болушту. Мугалимдер, медиктер жана  соц кызматкерлер жеңилдетилген кредиттен үй-жайга ээ болуп келсе, эми жалпы эле бюджетте иштеген...

7 - Июня  2016 | 12 : 491301
159 миң 28 турак жай камсыздандырылды 159 миң 28 турак жай камсыздандырылды

Жалал-Абад областында 200 миң турак жай камсыздандырылыш керек болсо 159 миң 28и мамлекеттик камсыздандыруудан өтүү. Сузак, Базар-Коргон райондорунда жана  айрыкча шаар жерлеринде үй жайын камсыздандыргандар...

7 - Июня  2016 | 12 : 52398
Кургак учук көбөйдү Кургак учук көбөйдү

 Жалал-Абад шаарында жыл башынан бери беш бала кургак учук менен ооруду. Былтыр бул дартка тогуз бала кабылган болчу. Чоң адамдардын да  кургак учукка чалдыгуусу көбөйгөн. Быйыл беш айдан бери 35 жаран ооруса, ...

9 - Июня  2016 | 12 : 3823