Аймак жаңылыктары

16 - Февраля  2018 | 10 : 40409
Аймак жаңылыктары

 

ЖАЛАЛ-АБАД. Шаардык казынадан берилген акчалай сыйлыкка  2 спортчу жаңы конуштуу болушту. Областтык спорт, дене-тарбия жана жаштар комитети кабарлагандай грек – рим күрөшү боюнча дүйнө чемпиону Калы Сулайманов жана коло медалдын ээси Эсен Асановдун ар бирине жергиликтүү бюджеттен бир миллион сомдон ашуун акчалай сыйлык берилген. Балбандар ал акчаларга шаардын З. Жамашев көчөсүндө курулуп жаткан жаңы үлгүдөгү, заманбап үйдөн батир сатып алышты.

 

СУЗАК. ИИМдин басма сөз кызматы  райондон  «Хизб ут-Тахрир аль-Ислами» диний экстремисттик уюмунун активдүү төрт  мүчөсү кармалганын жарыя кылды. Таратылган маалыматка караганда 39 жаштагы  И.Л., 41 жаштагы К.У., 55 жаштагы Д.Ш. жана 45 жаштагы К.У. колго түштү. Алардын жашаган жерин тинтүү учурунда диний экстремисттик уюмдун материалдары табылды.

Ал материалдар боюнча экспертиза дайындалып, кошумча тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

БАЗАР-КОРГОН. Ушу район баштаган областтын бир катар аймактарында коомдук он сегиз фонд түзүлдү. Алар областтын жайыт пайдалануучуларын насыя түрүндө үрөн менен камсыздашмакчы. Жайыт пайдалануучулар үрөн акысын күзүндө кайтарышат.  Айыл өкмөттөрдүн жайыт комитеттеринин башчылары аталган фонддордун лидерлери менен жолугушуп, уюштуруу маселеси боюнча талкуу өткөрүштү. Коомдук фонддордо  20 гектарган  сугат жер болот. Алардын ар бири баштапкы капитал катары 4000 кг сапаттуу арпа үрөндү  жана ошончо эле салмактагы жер семирткичти кайтарымсыз алышат.

 

 

ТОКТОГУЛ. Кетмен-Дөбө, Чолпон-Ата айыл аймактарында элдик жыйын болду. Анда эки айыл өкмөт башчы менен участкалык милиционерлер былтыр аткарган иши тууралуу айтып  беришти. Райондук администрациядан билдиришкендей айыл эли таза суу, сугат суу жана жайытты пайдалануу тууралуу маселени козгошту. Өткөн жылы дем берүүчү гранттын эсебинен Чоң-Арык айылында суу түтүктөрү оңдолгон.

 

АКСЫ. Аймакта узундугу жети жарым чакырымдык  ирригациялык канал курулууда. Курулушка 800 миллион сом жумшалмакчы. Канал ишке кирсе, Кербен шаарчасынын айланасы, Кашка-Суу кыштагы жана Сары-Жайык тилкеси, тагыраагы 4000 гектар аянт  суу менен камсыз болот. Азыр жумушчулар узундугу 223 метр,  кеңдиги 2,5 метр, бийиктиги 3 метр өткөөл курууга киришти. Акыркы жумага чейин  135 миллион сомдук жумуш аткарылды.

АЛА-БУКА. Өрүктү айылында «Алихан» спорт комплекси салтанаттуу ачылып, пайдаланууга берилди. Андан улам  айылдын жашоочулары, жаштары үчүн грек-рим күрөшү, бокс, таэквондо жана футбол менен үзгүлтүксүз машыгууга жакшы шарт түзүлдү.

Спорт комплекс ЖКнын депутаты И. Пирматовдун колдоосу менен курулган. Сметалык баасы 16,4 млн сомго жеткени тууралуу кабар келди.

 

Ырысбай Абдраимов

Досторуң менен бөлүш

Коментарии FACEBOOK:



Тектеш жаңылыктар

“Цефей” мектеби иштөөдө “Цефей” мектеби иштөөдө

      Аксы районунун борбору  Кербен шаарында 2014-жылдан бери мүмкүнчүлүгү чектелген балдар үчүн “Цефей” мектеби иштеп келет. Анын түзүүчүсү Бактыбек Калиевдин айтымында 2003-жылы  “Цефей”...

6 - Июня  2016 | 18 : 19893
“Алиманын” чеберлери “Алиманын” чеберлери

     Ушул учурда бир канча жылдардан бери ишмердүүлүгүн жүргүзүп келе жаткан Бурул Нармырзаева айым жетектеген “Алима” тигүү цехинин даңазасы ашып турган кез. Анткени, андагы жыйырма  чебер...

6 - Июня  2016 | 18 : 241157
Чаткал жаңылыктары Чаткал жаңылыктары

               Райондун  Чаткал айыл аймагы жергиликтүү калк арасында жакырчылыктын деңгээлин төмөндөтүү  аракетин көрүүдө. Бул максатта  Дүйнөлүк Азык Түлүк программасынын...

23 - Июня  2016 | 11 : 182051
Ала-Бука районунда балдардын үч жайлоо бакчасы иштеп жатат Ала-Бука районунда балдардын үч жайлоо бакчасы иштеп жатат

    Ала-Бука районундагы жайлоолордо балдар үчүн үч бакча быйыл ачылган. Ал бакчаларга бүгүнкү күндө малчы-койчулардын 47 баласы барат. Райондун борбору Ала-Бука айыл аймагына караштуу "Барчын"...

4 - Августа  2016 | 16 : 241797
Аксыда коллегия болуп өттү Аксыда коллегия болуп өттү

  Аксы районунун мамлекеттик администрациясынын жыйындар залында аталган райондун быйылкы жылдын алты айында болгон согциалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн жыйынтыктарын караган коллегия болуп өттү. Анда...

4 - Августа  2016 | 16 : 301260
Ала-Букада мектептер ремонттолуп бүттү Ала-Букада мектептер ремонттолуп бүттү

  Жалал-Абад областына караштуу Ала-Бука районунда мектептер менен балдар бакчалардын имараттары толугу менен оңдолуп бүттү. Аларды 1-август күнү район тарабынан түзүлгөн атайын комиссия текшерип чыгып,...

4 - Августа  2016 | 16 : 371345
Токтогул кабарлары Токтогул кабарлары

   Райондун акимиинин орун басары Айна Набат кызынын берген маалыматына караганда жыл башынан бери райондо 12 жаъы обьект ачылып, 70 жумуш орду түзүлгөн. Калктын  социалдык турмуш абалын жакшыртуу...

19 - Августа  2016 | 17 : 272103