Аярлуу катмарлар да пайда келтирүүдө

26 - Февраля  2018 | 5 : 18568
Аярлуу катмарлар да пайда келтирүүдө

Бүгүнкү экономикалык каатчылыкта алты саны аман, ишке толук жарактуу адам гана эмес, табияттын жазмышы менен көзү көрбөй, угуу мүмкүнчүлүгүнөн ажыраган адамдар да кол куушуруп, олтуруп алганы жок. Алар да эч кимден үмүт этпей, жардам күтпөй, жашоо үчүн аракет кылып, иштеп, үй-бүлөсү менен өздөрүн багып,  коомго чоң  пайда келтирип жатат. Макалабыздын каармандары  мына ошолор тууралуу болмокчу.  

  Албетте, азыркы турмушта алты саны аман туруп,  жашоонун түйшүгүнө нааразы болгон адамдар көп чыгат. Бирок,  ошол эле кезекте, ден-соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелгенине карабастан, башкаларга үлгү болуучу инсандарыбыз  аз  эмес.  Бул сөзүбүзгө  Жалал-Абад шаарындагы  көзү азиздер жана дүлөйлөр коомунун мүчөлөрү күбө боло алат.  Коомго таандык окуу-өндүрүштүк ишканадан  жууркан-төшөктөрдү тиккен көзү азиздерди көрөсүң.  Ошол эле ишкананын бир бөлүгүндө угуусу начар адамдар эмерек, буюмдарды  жасашат. Мүмкүнчүлүктөрү чектелгенине карабастан бирөөлөргө же өкмөткө өлүмтүгүн артпай, өз  жанын өздөрү багат. Бул өзгөчө адамдардын жашоо шарты жана жасаган эмгектери тууралуу кеп кылуу бир эсе сыймыктуу. Анткени, алар  быйылкы аймактарды өнүктүрүү жылында да өндүрүмдүү иштеп, тиешелүү салыктарды төлөп, өлкөбүздүн экономикасына салым кошум жатышат.  Өндүрүштүк бирикменин кызматкерлери тарабынан жасалган буюм – тайымдар өзгөчө көрктүү.  

Ишканага  кирип барганда ар бир жумушчу өз жумушун дыкаттык менен жасап жатканына көңүл  бурулат. Кызматкерлердин бири  Райхан Усманова Жалал-Абад областынын  Базар-Коргон районунда төрөлгөн. Тубаса көзү азиз болгондуктан Жалал-Абад калаасына келип, атайын окуу жайда билим алып, кийин көзү азиздер жана дүлөйлөр коомуна мүчө болгон. 33  жылдан бери тигүүчү болуп иштейт.  Эки уул,  бир кызы бар.   Көп жылдан бери бир ишканада эмгектенгендиктен, көзү көрбөсө да,  колу көнгөн, туюу сезими аркылуу төшөнчүлөрдү мыкты тиккен, дасыккан чебер.

  • Мага тигүүчүлүктү  эжем үйрөткөн. Күнүнө 4-5 төшөк тигебиз. Көрбөгөнүм үчүн атайын гүл -трафареттерди төшөктүн үстүнө коюп тигебиз. Ар бир жуурканды көзөмөлдөөчү текшерип турат - дейт Райхан Усманова.

Ушул убакта Жалал-Абад окуу - өндүрүштүк ишканасында 42 адам иштейт. Аталган ишканада жууркан-төшөк, жаздык матрастар  жана брезент кол каптары, медициналык халаттар, ооруканаларга керектелүүчү  керебет,  мектеп окуучулары үчүн парта,  стол-стулдарга чейин жасалат. Негизи мыйзамга ылайык бул ишканага мамлекеттик мекемелер буйрутма берүүгө милдеттүү. Бирок,  акыркы жылдары өндүрүштүк ишкана өндүргөн товарларга караганда  башка жактан келген буюмдар  арзан болгондуктан мекеме ишканалар буйрутманы аз бере баштаган. Баалары мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар тиккен үчүн кымбат, бирок ошого жараша сапаты да жогору. Жетекчиликтин айтымында тигүүчү машиналардын эскилиги жеткен. Шаардык мэрияга 279 миң сомдук тигүү  машинасын сатып  алуу үчүн долбоор жазылган. Бирок,  долбоор шаардык кеңештин депутаттары тарабынан колдоого алынбай,  машина сатып алуу жагы бүдөмүк бойдон кала берди .

-“Сапаты жагынан жакшы” – деп, канчалаган адамдар батасын берип,ыраазычылыгын билдирип кетишет. Бул адамдар мэрияга барып, жардам сурап, же балдарым ачка калды дебестен өздөрү эмгектенип келишет. Ар бир кызматкер жасаган эмгегине жараша акы алат. Коомдо эмгектенип жаткан адамдар шаардык кеңештин депутаттарына абдан нааразы болушту. Анткени, кол машиналардын эскилиги жетип турган чагы. Ошондуктан аз да болсо,колдоп турса- дедикөзү азиздер жана дүлөйлөр коомуна караштуу Жалал-Абад шаардык окуу-өндүрүштүк ишканасынын жетекчиси Үсөнбай Бечелов.

Жумушчулар үчүн ишкананын жанына 2010-жылы түзүлгөн Ош жана Жалал-Абад шаарларын калыбына келтирүү мамлекеттик дирекциясы тарабынан үй салынган. 2012-жылы   20-апрелде көзү азиз жана угуу мүмкүнчүлүгү чектелген 40 жаранга батирдин ачкычы тапшырылган. Аталган ишкана жанында болгондуктан жарандар кирип, чыгып иштешет. Жумуш күнү сегиз  саат. Буйрутма көп болуп калса,  андан ашык иштөөгө туура келет.

  • Мурунку жылдары жумуш  жок болду. Көзү көрбөсө, кулагы укпаса, сүйлөй алышпаса... Ошондуктан биздин коом буларга жардам көрсөтүп, жумуш менен камсыздап келет. Мындай жарандар башка жумушка жарамдуу эмес, тигүүчүлүк жумушка гана жарамдуу- дейт ишкана жетекчиси.

Жалал-Абад шаардык көзү азиздер жана дүлөйлөр коомуна 190 жаран мүчө. Аталган ишкана 2000-жылы ачылган. Шаарда бул ишканадан тышкары  Көк-Арт кичи шаарчасында да жеке тигүү цехинде  көзү азиз алты кыз-келин кыздарга сеп тигип,  эмгектенишет. Сапаттуу тиккен үчүн такай буйрутма берүүчү кардар  арбын.  

Мындан сырткары ишкананын жанында мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар иштеген  эмерек жасоочу цех да бар, азырынча ал цехте үч адам иштейт. Былтыр мамлекет тарабынан атайын мугалимдер келип,  15кыз-келинди тигүүчүлүккө  үйрөтүп,  бир ай окутуп кетишкен. Жумушчулар  бир гана өздөрүн  каржылабастан,  мамлекетке да салык төлөп коомго пайдасы күч жана  өнөрлөрү өрнөк болууга татыктуу.

Элиза АКЖОЛТОЕВА

 

  

Досторуң менен бөлүш

Коментарии FACEBOOK:



Тектеш жаңылыктар

Мекеним менин-Кыргызстан Мекеним менин-Кыргызстан

Кыргызстандагы башка аймактардан айырмаланып, Жалал-Абад жергеси  чер токойлуу келип, даңазалуу жаңгагы алма,мисте, алчасы, табигый, тарыхый эстелик жайларга бай жана  туризм тармагын өнүктүрүүгө жетиштүү...

7 - Июня  2016 | 18 : 221363
Өрнөктүү өмүр өтөгөн инсан Өрнөктүү өмүр өтөгөн инсан

Советтик доорду канчалык  “андай эле, мындай эле” деп, сындаганыбыз менен, ал учурдун өзүнүн керемети , касиети жана идеологиясы, анан ошол системаны бекем кармап турган адамдары болгон. Коммунисттик...

7 - Июня  2016 | 18 : 293653
Жаштар –  туура кадам, таза максат үчүн! Жаштар – туура кадам, таза максат үчүн!

Үстүбүздөгү жылдын 13-14-июнь күндөрү “Жаштар - туура кадам, таза максат үчүн!” аттуу республикалык жаштар форуму областта үчүнчү жолу өткөрүлдү. Активдүү жаштардын башын бириктирген иш-чара  жаңгак токою...

17 - Июня  2016 | 14 : 372187
Питерде жумушсузга иш бар Питерде жумушсузга иш бар

Областтын кырк жашка чейинки жумушсуз адамдары үчүн Россия Федерациясынын Санкт-Петербург шаарынан 89 бош жумуш орун табылды. Бул максатта республиканын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик миграция кызматынын...

17 - Июня  2016 | 16 : 191270
“Аза көйнөк азабы...” “Аза көйнөк азабы...”

    Кыргыздын кылым карыткан каада - салттары бар. Ал муун улап жашап келет. Мезгил алмашып, “заман өзгөрдү” деп, айрымдарын унутта да калтырып жатабыз. А бирок,  улам жаңырып, заманбап  “түскө”...

22 - Июня  2016 | 17 : 361484
Кошуналар алчадан  сок жасайт, а биз... Кошуналар алчадан сок жасайт, а биз...

                Жалал-Абад базарында  алча  18-20 сомдон сатып алынып, Казакстанга  экспорттолуп жатат. Төрт жылдан бери алча ташыган Арзымат күнүнө анын 2-3 тоннасы Талас аркылуу Чимкентке...

24 - Июня  2016 | 19 : 482557
Эл комиссары жөнүндө баян Эл комиссары жөнүндө баян

“Тарых жана маданият жылына” карата    Шарапат эненин эскерүүсү Токсонго барып калган Шарапат байбиче Барпы аймагынан чыккан Эл комиссары Абдукадыр Абдраимов жөнүндө төмөнкүчө...

22 - Июля  2016 | 18 : 401797