Арзыбек Бедияров, Кыргыз эл артисти: «Обон ордо» оболосо дейм»

26 - Февраля  2018 | 5 : 32821
Арзыбек Бедияров, Кыргыз эл артисти: «Обон ордо» оболосо дейм»

 

   Кыргыз жыттанып, кыргыз үнүн мукамдуу обондору аркылуу  бул жагы Кытай, тиги жагы Америка, анан Түркия менен Азия жергесине угузуп жаткан, кыргыздын каны-жанына сиңип калган  обологон обондору менен таанылган Арзыбек Бедияров агабыз дегеле тыным алууну билбейт. Өтө мээнеткеч жана өтө жөнөкөй инсан.  “Мен берчүүмдү бердим, ырларым ырдалып жатат, алчуу наамымды деле алдым” деп, эс алып, бактылуу үй-бүлөнүн,  уул-кыздын, неберелердин бактысына балкып жүрө берсе деле,  эч ким кой дебейт. Бирок, иштерман,  эмгекчил адамга айла жок экен. Улам жаңыны жаратуу, жаңы чыгарма жазуунун далбастатасың  тынбай улантып келет. Анткен менен  жеке чыгармачылыгынын гана үстүндө иштей берейин деген      өзүмчүлдүк сапаты   жок. Ошондуктан “менин артымдан  жаңы муун келсе,  менден да  мыктылар чыкса” деп тилейт. Мына ошондой ийги тилек менен  аруу максатты алдыга коюп, “Обон ордо” уюмун түзгөндүгүн   угуп калдык. Бул уюм жана анын максаттары, алдыга койгон иш жагдайлары тууралуу билгибиз келип, агайды  кепке тарттык.

  • Арзыбек агай, эмне үчүн “Обон ордо”?
  • Аты айтып тургандай обончулардын ордосу, же обончулардын башын бириктирген , мамлекеттик да, коммерциялык да эмес, тим гана коомдук башталыштагы уюм. Мындагы негизги максатыбыз обон жаратуу далалаты менен жүргөн чыгармачыл инсандарга дем, шык берүү. 
  • Аны түзүү идеясы кимдики?
  • Негизи меники десем болот. Бул ой тээ көп жылдан бери көкүрөгүмдү өйүп келе жаткан. Мени кыйнаган, мен сыяктуу ондогон обончулардын зээнин кейиткен бир нерсе бар. Акыркы кездери ырчылар, аткаруучулар өтө эле көбөйүп кетти. Үнү бары деле, жогу деле   ырдын аранжировкасын  компьютердин жардамы менен жасатып алып, анан клиптерди тарттырып, “жылдыз” болуп кеткендер мындан көп. Бирок, ошол обонду жаратуу түйшүгүн тарткан, кан-жаны менен тең  мээнет кылган обончулар бул жакта эле калып калышты. Жок дегенде кайсы бир чыгарманы аткарып жатканда обончуну атап коюшпайт. Дагы бир кейиштүү нерсе айрым обондорду эл -  аткаруучулар аркылуу билип, ошол ырчынын ыры деп түшүнгөн учурлар бар. Мен өзүм деле мындай жагдайга көп ирет туш болдум. Мына ушундай маселеден улам областыбыздагы  бир катар обончуларга сунушумду айттым. Наамдары болбосо да, кыргыз журтуна аттын кашкасындай таанылып, чыгармалары эл ичинде, радиолордо ырдалып, теледе көрсөтүлүп жаткан  Анарбай Райымканов, Бурул Стамкулова, Аскаралы Касымов, Эмил Балтагулов, Сабыржан Жолдошевдер менен кеңеш курдум. Алардын деле жүрөгүн ушул маселе өйүп жүргөн экен. Анан “бир уюмга биригели да, өз алдыбызча иш жасайлы. Башка кесиптегилердин уюмдары бар. Обончулук биздин кесип эмеспи” деген бүтүмгө келдик да, ушул уюмду түздүк.
  • Иш башы кылып, алгачкы жыйыныңыздар өтүптүр?
  • Ооба, жогоруда аты аталган обончулардан сырткары жаш обончулар  кошулуп,  азырынча он төрт адам келди. Биз максатыбызды айттык, ар кимдин ой сунушун уктук. “Эл ичи, өнөр кенчи” деп коёт, аты таанылгандардан сырткары өз алдынча тырмалаңдап,  обон жаратып жүргөндөр да көп. Алар үчүн да биздин уюмдун эшиги ачык. Азыр биз иш башы кылып, эң алдын  жергебиздеги обон жаратуу менен алектенген чыгармачыл адамдардын санын тактоо. Мен  Жалал-Абад шаардык Маданият бөлүмүндө иштейт эмесминби. Ал бөлүм жана шаардык Маданият үйү үчүн жаңы жай берилген. Азыр бизге абдан жакшы шарт жаралып калды. Бул үчүн шаардык жетекчиликке ыраазы болуп жатабыз. Ошол жерден  мага да атайын бир бөлмө берилди. Анан мен Маданият бөлүмүнүн башчысы Салтанат Асылбекова менен кеңешип ошол иш бөлмөмдү өз каражатым менен жасалгалап жаткан кезим. Ушул уюмдун да бөлмөсү болуп калат. Обончулар үчүн  стенттерди уюштуруп жатабыз. Чыгармаларын топтоштуруп, нотага түшүрүп, Кыргыз радиосуна, башка радиолорго бергенге аракет жасайбыз. Ошол эле мезгилде китеп кылып чыгарууга да аракеттерди көрөбүз. Эң  башкы максаттарыбыздын бири обончулардын автордук укугун коргоо багытында Кыргыз Патент менен тыгыз иштейли деп жатабыз. Себеби, обон жаратып койсок, аны ырчылар аткарышат экен да, гонорарын алар алат экен. Биз болсо бул жакта эле калып, мээнетибиз бааланбай калып жатабыз. Эми аларга деле кызганыч жок, ала беришсин. Бирок, ар ким  мээнетине жараша  болгону жакшы го.
  • Албетте, алдыга жакшы максаттарды коюптурсуздар. Аларды ишке ашыруу  жагында каржы маселеси келип чыкпайбы?
  • Туура, ал жагын да ойлонуштуруп жатабыз. Адегенде өздүк фондду түзөбүз, андан кийин район-шаарлардын жетекчилиги, маданият бөлүмдөрү менен макулдашып, жер-жерлерге барып, айылдарга  биздин обончулардын гана тобу менен концерт тартууласак, андан да каражат түшөт деген үмүт бар. Экинчиден эл арасында канчалык көп болсок, алар биздин чыгармалар менен тааныш болушат. Айрым  биздин чыгармаларды менчиктеп алышкан ырчылардын аракетине бөгөт коюлат деп ойлоп жатабыз.
  • Обондору эл арасында ырдалып, ысмы таанылып калган болсо да, эч кандай наамы жок кесиптештериңиз бар.  Аларды мамлекеттик сыйлыкка сунуштоого уюмдун таасири болобу?
  • Бизди да ошол ой толгонтуп жаткан кез. Ырасында да  отуз-кырк жылдан бери ушул өнөрдү аркалап жүргөн Аскаралы Касымов деген таланттуу жигитибиз бар. Башкаларчылап өзү үчүн жүгүргөндө, ал деле эбак бир наамды алып коймок. Бирок, ал андай эмес. Ортолукта  чыгармачылыктан четтеп калган учурлары да болду. Бурул Стамкулова деген кызыбыз не деген талант?  Атасы, белгилүү обончу Ысак Стамкуловдун жолун улап, керемет обондорду жаратып келет. Анын чыгармаларында өзүнө гана тиешелүү обон ыргактары бар. Улуттук колоритти сактап, элдик обондорду жаңыртып, дастандарды жазып жатат. Ошол эле мезгилде бир катар жаш ырчы, дастанчыларды тарбиялап койду. Ушул кызыбыз да жөнөкөйлүгүнөн наам ала албай жүрөт.  “Оо, карындаш”, “Унута албайт окшоймун” деген сыяктуу канаттуу обондорду жазган    Камчыбек Турсункуловдун да жашы алтымыштан ашып кетсе да, анын мээнети бааланбай келет. Анарбай Райымканов деген обончунун ырлары да бир сонун. Бирок, ал дагы жулунбайт, жүгүрбөйт, “мен эле, мен” деп , көкүрөк какпайт. Сабыржан Жолдошевдин ырлары  да элге сиңип баратат.  Сузак райондук Маданият бөлүмүнүн башчысы  Мухтар Кырбашевдин да сонун обондору ырдалып жатат. Жаштар чыгып келе жатат. Мисалы,  Эмил  Балтагулов, Мухтар Гаимов жана башка чыгармачыл жаштарыбызга биз багыт берип туруубуз керек.  Канчалаган таланттуу обончуларыбыз эч кандай мамлекеттик сыйлык алышпай,  мээнети бааланбай, бул жарыкчылыктан өтүп кетишти. Эмгегиң да, мээнетиң да көзүң барда бааланып турганы жакшы го дейм.  Сөз кезеги келгенде айта кетейин, биздин областтан эле  аты таанылып, ырлары оболоп ырдалып жатканы менен эч кандай наам албай, көзү өтүп кеткен канча обончуларыбыз бар. Айрымдарын атап деле кетейин, азыркы кезде да ырчылар талашып ырдап жүргөн “Сүйүүнүн күчү керемет” деген обону менен таанылган  Текебай Мураталиев, “Картайтпайт мени заманам” деп, улуусу да, кичүүсү да  ооздон түшүрбөй ырдап жүргөн обону менен белгилүү  Аскар Ураимов, бир кезде бүтүндөй түштүк элинин гимнине айланган “Ордендүү Ошум, Мекеним” аттуу ыры менен таанылган Абдыкерим Алымов, “Муңайба талаа гүлдөрү” деп, азыркы жаштар кайрадан ырдай баштаган мукамдуу ырдын автору  Токторалы Жоробеков сыяктуу  наам албай кеткен чыгармачыл инсандарыбыз болгон.    Ошондуктан биздин уюм  кези келгенде  ар кандай мамлекеттик сыйлыктарга сунуш берип турабыз. Мында бир нерсени эске алуубуз керек, обончулардын дээрлик көпчүлүгү кайсы бир мекемеде иштешет да. Ошол жерден сунуш болуш керек. Биздин уюм кошумча пикирлерди бере алабыз. Зарылдык болсо тикелей деле таасир этүүгө аракеттерди жасайбыз.
  • Иш аракетиңиздерди жайылтууну да колго алсаңыздар керек?
  •  Сөзсүз, бул багытта жергиликтүү массалык маалымат каражаттары менен тыгыз иштейли деген оюбуз бар. Айрыкча телекөрсөтүүлөрдө  көбүрөөк чыгып  турсак, эл  биздин обончулардын чыгармалары менен жакшы тааныш болуп турат. Бул багытта Жалал-Абад областтык мамлекеттик телерадиокомпаниясынын башкы директору Союзбек Абдурасулов менен да сүйлөштүк. Ага оюбузду айттык. Бул телеканалдан  келечекте атайын убакыт ажыратып бере турган болушту. Азырынча  маалыматтык багытта, же  чакан көрсөтүүлөр аркылуу чыгып турабыз го. Башка телеканалдар, газеталар  менен да иштешебиз деп турабыз. Адегенде аймактарды кыдырып, эл аралап келип, анан жылдын аягында отчёттук концерт берсек деген да оюбуз бар. Негизи жергиликтүү обончулардын ырлары оболой берсе деген тилек. Анан сөзсүз түрдө көзү өтүп кеткен обончулардын  жаркын элесине кайрылып, алардын чыгармаларын кайрадан жаңыртууга да көңүл бөлөбүз деген тилектерибиз бар. Кези келсе алардын үй-бүлөлөрү, жакындары менен макулдашып, китеп кылып чыгаруу да оюбузда бар. Айтор, көп эле максаттарды алдыга койдук. Анын бардыгын аткаруу мезгилге көз каранды.
  • Маегиңизге ырахмат, оюңуздар ишке аша берсин.

 

  Бактыкан АЖЫМАМАТОВА 

Досторуң менен бөлүш

Коментарии FACEBOOK:



Тектеш жаңылыктар

Өнөрлүү жубайлар өргө баратат Өнөрлүү жубайлар өргө баратат

Таштанбек Сооронбаев Таш-Көмүр шаарына караштуу Шамалдуу-Сай шаарчасынын №8-орто мектебинде узак жылдан бери мугалим болуп иштейт. Ал балдарга музыкалык билим берүү менен чектелбей,  өз аймагындагыларга көп...

6 - Июня  2016 | 18 : 381535
“Мен-кыргыз жаранымын” “Мен-кыргыз жаранымын”

Ушундай аталышта областтык Барпы атындагы театрда этно-маданий фестиваль болуп өттү. Кыргызстан Элдеринин Ассамблеясы демилге...

7 - Июня  2016 | 12 : 183159
“Карындашын” ”унуталбай”, жер кезген обончу “Карындашын” ”унуталбай”, жер кезген обончу

“Карындашын” ”унуталбай”, жер кезген обончу Каарман тууралуу  Аты, жөнү- Турсункулов Камчыбек Саипович Туулган жылы - 1956-жыл, 8-июль. Туулган...

9 - Июня  2016 | 11 : 591280
Фестиваль үнү жаңырды Фестиваль үнү жаңырды

Аксы районунун Аксуу айыл өкмөтүндө областтык "Керемет жерим-Кыргызстан!" аттуу фестивалга катышуучулардын оюн-зоогу,жергиликтүү кол өнөрчүлөрдүн  көргөзмөсү болуп өттү. Бул тууралуу райондун акиминин орун...

21 - Июня  2016 | 16 : 42796
Көк-Иримге  Көк-Иримге "Ыр кесе" тийди

Тогуз-Торо районунун Атай айыл өкмөтүндө "ыр кесе" болуп өттү. Бул тууралуу 21-июнда райондун акиминин орун басары Гүлжамал Султангазиева билдирди. Анын айтымында анда айыл өкмөттүн аймагында жашагандардын...

21 - Июня  2016 | 16 : 491849
Мекенимди даңктаймын Мекенимди даңктаймын

  Быйылкы “Маданият жана тарых” жылына карата областта бир катар маданий иш чаралар өтүп келет. Жакында дагы бир маанилүү ыр майрамы болот. Жалал-Абад  шаардык Маданият бөлүмүнүн башчысы  Салтанат...

23 - Июня  2016 | 11 : 61018
“Чагылгандай” чарк эткен китеп “Чагылгандай” чарк эткен китеп

Азырынча аты  чыкпаса да, кыргыз адабиятында  жарк этип тааныла элек болсо да, өз алдынча сатира жана тамсил жанрында жазып, турмуштагы болгон оош-кыйыштарды, жакшы менен жамандын ортосундагы айырмачылыктар...

24 - Июня  2016 | 11 : 25935