Сузак райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысын кетирүү сунушталды
Билим берүү министрлиги менен соттошуп жүрүп Сузак райондук билим берүү бөлүмүн башчылыкка келген Алмаз Бечеловдун кызматын кароо боюнча акимчилик министрликке эки жолу кызматын кароо боюнча сунуш жиберишти. Мындай маалымат КРнын Өкмөтүнүн Жалал-Абад областындагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Ырысбек Ызабеков, КРнын маданият маалымат жана туризм министрлигинин областтагы координатору Рахматулла Козукеев баштаган бийлик өкүлдөрүнүн катышуусунда социалдык тармактын иш планын иштеп чыгуу, маданий мекемелердин абалы талкууланган жыйында айтылды. Мындагы жыйында билим берүү тармагын жакшыртуу, окуучулардын билим деңгээлин көтөрүү маселелери да козголуп, Сузак райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Алмаз Бечеловдун ысымы аталды. Тактап айтканда Сузак райондук мамлекеттик администрация 9 айдын жыйынтыгы жана жылдын жыйынтыгы чыгарган коллегиянын чечими менен КРнын Билим берүү жана илим министрлигине бөлүм башчы Алмаз Бечеловдун кызматын кароо боюнча сунуш беришкен.
Буга чейин А.Бечелов 2014- жылы Сузак райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы болуп билим берүү жана илим министринин буйругу менен дайындалган. Бирок ошол мезгилдеги район акими Н.Мирзахмедов райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысын дайындоого район жетекчилиги менен макулдашуу болбогонун жана башка себептерди айтып, анын кызматка келүүсүнө каршы болгон. Мындан улам министрлик буйругун эки аптадан кийин кайтарып алган. Бул абалга нааразы болгон Алмазбек Бечелов министрлик менен соттошуп, кийин кайрадан соттун чечими менен кызматына кайра келген.
Жумагул Шайыкова
Досторуң менен бөлүш
Коментарии FACEBOOK:
Тектеш жаңылыктар

Былтыркы жылы өлкө башчысы Алмазбек Атамбаев Көк-Жаңгак шаарындагы №52870 аскер бөлүгүн расмий ачылуусуна келгенде, аскер кызматкерлеринин балдарын бакча менен камсыздоо маселеси айтылган. Өлкө башчы...
9 - Июня 2016 | 11 : 30512
Жалал-Абад шаарында электрондук-санарип кол тамгасын колдонуу маселесин ишкерлердин катышуусундагы тегерек үстөлдө талкууланды Жакында “Жалал-Абад шаарынын ишкерлеринин электрондук-санарип кол...
6 - Июня 2016 | 17 : 39481
Социалисттик Эмгектин Баатыры Шамшидин Сүйөркулов атындагы борборлоштурулган аймактык оорукананы медициналык кызматкерлердин республикалык тармактык профсоюздарынын өкүлдөрү көрүп чыкты. Мамлекетибиздин ...
6 - Июня 2016 | 17 : 421774
Тогуз-Торо районунун №4-Иса Иманбердиев атындагы орто мектептин мугалимдери мектеп окуучуларына тереңдетилген билим берүүгө умтулууда. Бул багытта мектепте өткөн жумада жаңыдан төрт класс-кабинет ачылды. Бул...
6 - Июня 2016 | 17 : 44453
Бүгүнкү күнгө чейин Жалал Абад областында 7 адам ипотекалык насыядан үйлүү болушту. Мугалимдер, медиктер жана соц кызматкерлер жеңилдетилген кредиттен үй-жайга ээ болуп келсе, эми жалпы эле бюджетте иштеген...
7 - Июня 2016 | 12 : 491263
Жалал-Абад областында 200 миң турак жай камсыздандырылыш керек болсо 159 миң 28и мамлекеттик камсыздандыруудан өтүү. Сузак, Базар-Коргон райондорунда жана айрыкча шаар жерлеринде үй жайын камсыздандыргандар...
7 - Июня 2016 | 12 : 52364
Жалал-Абад шаарында жыл башынан бери беш бала кургак учук менен ооруду. Былтыр бул дартка тогуз бала кабылган болчу. Чоң адамдардын да кургак учукка чалдыгуусу көбөйгөн. Быйыл беш айдан бери 35 жаран ооруса, ...
9 - Июня 2016 | 12 : 3737