Келечек ээлери бөксөлүктү толтурабы?

2 - Марта  2018 | 12 : 40532
Келечек ээлери бөксөлүктү толтурабы?

 

                                                           

Аймактарды өнүктүрүү жылынын акагында КРнын Өкмөтүнүн Жалал-Абад областындагы өкүлү Кыянбек Сатыбалдиев жогорку жана кесиптик окуу жайлардын улан кыздары менен жолугушуп, алардын кырдаалдарга, өнүгүүгө болгон ой-пикирлери менен бөлүшүштү.

 

Мугалимдер “умный дуракпы?”

Өкүл Өкмөттүн 40 кадам долбоорунун 6-багытында көрсөтүлгөндөй жаштар арасында жыйындарды өткөрүп, алардын көйгөйлүү маселелерин чечүү учурдун маанилүү кадамы экенин белгиледи. Ошондой эле областта 25 миңдей студенттин дээрлик 60%ы жогорку билимдүү, түрдүү адистикке окуп жатышкандыгын, мындай келечектүү муундун коомдогу орду өзгөчөлүгүнө токтолуп келип, жигердүү жаштардын ойлоруна орун берди.

Ал эми студенттер окуу учурундагы көйгөйлөрдөн баштап, түрдүү маселелерге чейин ой чубуртушту. Айтсак, жогорку билимге ээ болгондон кийин жумуш орундарын табуу бир топ кыйынга туруп, айласыз чет өлкөлөргө кетишип жатканын, окуу процесинде студенттердин 75%ы пара берүүгө мажбурлугун, окутуучулар акча албаса да башка иш табыштап, чыгарып алчу “умный дурак” болуп алышканын, ооруп калышса студенттик эмкана жок кыйынчылыкта калышаарын ж.б. ушул өңдүү көп жагдайларды ачыкташты.

Ошол эле учурда студенттерге карата “өзүңөр окубайсыңар, соткадан чыкпайсыңар, интернетти окуу үчүн туура пайдаланбайсыңар ж.б.” сыяктуу сындар да айтылды.

Өз кезегинде ыйгарымдуу өкүл жаштардын интернеттен негативдүү маалыматтарды алып жатышкандыгы ойлондураарын айтып, аларды китеп окууга үндөдү:
-Студенттер үчүн ата-энелер, окуу жайлар жакшы шарт түзүп берген, баарыңыздарга уюлдук телефон бар, интернетке киресиңер. Көпчүлүк жаштар интернетти өз билимдерин өркүндөтүүгө колдонбой жатат. Жаштар биздин эртеңки келечегибиз. Андыктан билимди тереңдетип, китеп окугула. Көпчүлүк жерде жумушка кирүү сынак аркылуу болуп калган, тилекке каршы сынактарга катышкан жаштар жетиштүү упай топтой албай жатышат. Эгерде билимдин пайдубалы бекем болсо, сынактарда жогорку упай алып, түрдүү жумуштарга кире алышат. Азыр жаштардын тааныш-билиши, акчасы жок жумушка кирүүлөрүнө мүмкүнчүлүк бар», - деди өкүл.
 

Колго аларлык демилгелер бар

Жалал-Абаддагы жаштар комитетинин төрагасы Адилет Үсөнов  “Билимдүү жаштар өлкөнүн келечеги”- деген аталыштагы доклады менен чыгып, бир катар маселелерге токтолуу менен “региондорду өнүктүрүү жылына карата айылдарда элдин жашоо шартын жакшыртууда жаштарда өздөрү демилге көтөрүп, күнөскана, мал чарбачылык жана чакан спорттук иш-чараларды өткөрүшсө болот”- деди А.Үсөнов. Ушул сыяктуу жакшы демилгелерди улай “Достук кербени” жүрөрү белгилүү болду. А түгүл аймактарды өнүктүрүү жылында өздөрүнүн сунуштарын, кайрылууларын ортого салган жигердүү жаштар да болбой койбоду. Мындай демилгелерди дайыма колго алаарын билдирген област жетекчиси келечек ээлерине ыраазычылык билдирип, өлкөбүздүн өнүгүшүнө ар тараптан көмөк болууга чакырды.

Жолугушууга областтык мекеме-уюмдардын жетекчилери да катышып, студенттердин айрым суроолоруна жооп беришти. Жаштардын көтөргөн негиздүү маселелерине тиешелүү жетекчилердин атайын иш-план иштеп чыгуусу, тиешелүү жардамдарды берүү керектиги табышталды.

 

В резках :

Билим берүү жана илим министирлигинин берген маалыматы боюнча учурда өлкөдө эл чарбасына баардыгы болуп 9 миңге жакын жогорку квалификациядагы адистер жетишпейт. Мурда кадрлардын таңкыстыгы билим берүү жаатында гана болсо, азыр саламаттык сактоо, айыл чарбасы, тоо-кен өнөр жай тармагында жетишсиз.

 

Элиза АКЖОЛТОЕВА 
 

Досторуң менен бөлүш

Коментарии FACEBOOK:



Тектеш жаңылыктар

Президент Алмазбек Атамбаев Кытайдын тышкы иштер министри Ван Ини... Президент Алмазбек Атамбаев Кытайдын тышкы иштер министри Ван Ини...

Бишкек, 23-май /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев 22-майда Кыргызстанга расмий иш сапар мене келген Кытайдын тышкы иштер министри Ван И менен жолукту. Жолугушуу башында...

24 - Мая  2016 | 11 : 26655
Өлкө кадырын ойлойлу Өлкө кадырын ойлойлу

Жалал-Абад шаардык мэриясынын жыйындар залында  жергиликтүү журналисттер үчүн "Кыргыз Республикасынын тышкы саясатын жүргүзүүдө маалымат каражаттарынын ролу" аттуу семинар-кеңешме болуп өттү....

7 - Июня  2016 | 12 : 26867
Эл тынчтыктын баркын  билет Эл тынчтыктын баркын билет

Областыбыздын аймагында бүгүнкү күндө тынч турмуш өкүм сүрүүдө. Ишке жараган адамдын баары жашоолорун жакшыртуунун камы менен убакытты көңүлгө албай, күндүр-түндүр тиричилик менен алпурушуунун үстүндө. Жадесе, ушу...

7 - Июня  2016 | 12 : 311031
Жалал-Абадда тургундар СДПК фракциясынын депутатына нааразы... Жалал-Абадда тургундар СДПК фракциясынын депутатына нааразы...

  Жалал-Абад шаарынын тургундары депутатардын шаардык кеңешиндеги СДПК фракциясынын айрым депутаттарынын шаар мэринин аткарган иштери боюнча тутунган позициясына нааразы болушууда. Алардын...

21 - Июля  2016 | 14 : 251299
Укук коргоочулар кандай кызыкчылыкка иштешет? Укук коргоочулар кандай кызыкчылыкка иштешет?

    Июнь окуясында Базар-Коргон районундагы баш аламандыкты уюштурган жана тартип сакчысын өлтүрүүгө көмөктөшкөн деп табылып, өмүр бою эркинен ажыратылган Азимжан Аскаровдун иши кайрадан сотто...

28 - Июля  2016 | 11 : 101199
Выборы в местные кенеши и референдум: Как голосовать? Выборы в местные кенеши и референдум: Как голосовать?

 – Уже в это воскресенье, 11 декабря, кыргызстанцев ожидают 2 значимых события — референдум по внесению изменений в Конституцию и выборы в местные кенеши. 1 декабря 2016 года Государственная регистрационная...

8 - Декабря  2016 | 9 : 7990
Референдум бизге керекпи? Референдум бизге керекпи?

    Быйылкы жылдын 11-декабрын тарыхта калчу күн десек болчудай. Анткени бул күнү туу туткан Баш мыйзамга өзгөртүү киргизүү үчүн  референдум өткөнү турат. Аталган датага карата байланыш,...

8 - Декабря  2016 | 12 : 24891