Жаштар шаардын тазалыгы үчүн

6 - Марта  2018 | 12 : 5726
Жаштар шаардын тазалыгы үчүн

 

      Жаштардын демилгелүү аракетин колдоо максатында бир топ жылдардан бери “Юз оф Ош” уюму ар кандай долбоорлорду Жалал-Абад жергесинде ишке ашырышып, мектептерде, окуу жайларында жаштардын  мекенчил сезимин ойготуп, олуттуу маселерди көтөрүп чыгуу менен аны ишке ашыруунун жолун издеп келет. “DVV International”   уюмунун өнөктөштүгүндө  Европалык Союздун колдоосу аркылуу    ишке ашырылып жаткан         “DREAM- Демократия жана дин бирдей жана теңдеш добуштардын  сүйлөшүүлөрү “ аталышындагы  долбоор боюнча “Оозеки тарых” тобунун мүчөлөрү шаардын тазалыгы үчүн  акция уюштуруу демилгеси менен чыгып жатышат. Алар эс алуу жайларында, көчөлөрдө жерге түкүргөн, ар кандай таштандыларды таштаган, отургучтарга орунсуз жацгашып алып, семичке чаккан же  жүрүм туруму этикага туура келбеген жарандарды, жаштарга таасир этүү программаларын түзүп жатышат.

-Биздин шаар кичине болгону менен көрктүү жана эң сонун аймакта жайгашкан. Айланасын Азрет Айып тоо кыркалары курчап турат. Абасы таза. Эми жаштар биз өзүбүз шаарыбыздын тазалыгы, кооздугу жана иреттүүлүгү үчүн күрөшөлү.   Шаарыбыз таза болсо, биздин маанай жакшы.-дейт,акцияны уюштуруучулардын бири  Сапарбекова Сюзана. Ушундай аракеттери менен алар шаардагы жашылдандыруу жана көрктөндүрүу ишине салым кошкулары келишет.

 

“Акыйкат”

 

Досторуң менен бөлүш

Коментарии FACEBOOK:



Тектеш жаңылыктар

Көк-Жаңгакта аскер кызматкерлеринин балдары үчүн  бала бакча ачылат Көк-Жаңгакта аскер кызматкерлеринин балдары үчүн бала бакча ачылат

Былтыркы жылы өлкө башчысы Алмазбек Атамбаев Көк-Жаңгак шаарындагы  №52870 аскер  бөлүгүн расмий ачылуусуна келгенде, аскер кызматкерлеринин балдарын бакча менен камсыздоо маселеси айтылган.  Өлкө башчы...

9 - Июня  2016 | 11 : 30603
Электрондук-санарип кол тамгасын колдонуу маселеси талкууланды Электрондук-санарип кол тамгасын колдонуу маселеси талкууланды

Жалал-Абад шаарында электрондук-санарип кол тамгасын колдонуу маселесин  ишкерлердин катышуусундагы тегерек үстөлдө талкууланды Жакында  “Жалал-Абад шаарынын ишкерлеринин электрондук-санарип кол...

6 - Июня  2016 | 17 : 39552
Ооруканага профсоюз өкүлдөрү келди Ооруканага профсоюз өкүлдөрү келди

Социалисттик Эмгектин Баатыры Шамшидин Сүйөркулов атындагы борборлоштурулган аймактык оорукананы медициналык кызматкерлердин республикалык тармактык профсоюздарынын өкүлдөрү көрүп чыкты. Мамлекетибиздин ...

6 - Июня  2016 | 17 : 421831
Төрт бөлмө жаңы  ачылды Төрт бөлмө жаңы ачылды

Тогуз-Торо районунун №4-Иса Иманбердиев атындагы орто мектептин мугалимдери мектеп окуучуларына тереңдетилген билим берүүгө умтулууда. Бул багытта мектепте өткөн жумада жаңыдан төрт класс-кабинет  ачылды. Бул...

6 - Июня  2016 | 17 : 44513
Област а 7 адам ипотекалык насыядан үйлүү болушту Област а 7 адам ипотекалык насыядан үйлүү болушту

Бүгүнкү күнгө чейин Жалал Абад областында 7 адам ипотекалык насыядан үйлүү болушту. Мугалимдер, медиктер жана  соц кызматкерлер жеңилдетилген кредиттен үй-жайга ээ болуп келсе, эми жалпы эле бюджетте иштеген...

7 - Июня  2016 | 12 : 491319
159 миң 28 турак жай камсыздандырылды 159 миң 28 турак жай камсыздандырылды

Жалал-Абад областында 200 миң турак жай камсыздандырылыш керек болсо 159 миң 28и мамлекеттик камсыздандыруудан өтүү. Сузак, Базар-Коргон райондорунда жана  айрыкча шаар жерлеринде үй жайын камсыздандыргандар...

7 - Июня  2016 | 12 : 52422
Кургак учук көбөйдү Кургак учук көбөйдү

 Жалал-Абад шаарында жыл башынан бери беш бала кургак учук менен ооруду. Былтыр бул дартка тогуз бала кабылган болчу. Чоң адамдардын да  кургак учукка чалдыгуусу көбөйгөн. Быйыл беш айдан бери 35 жаран ооруса, ...

9 - Июня  2016 | 12 : 3866