Аймак жаңылыктары

7 - Марта  2018 | 10 : 1435
Аймак жаңылыктары

 

Сузак. Кызыл-Туу айыл аймагынын Таштак айылындагы О. Муратов мектебинде акыркы он жылдан бери балдарга 3 нөөмөттө сабак берилип келет. Ата-энелердин жардамы менен ашар ыкмасында 9 класстык бөлмө болуп салынган имаратта 27 класстын окуучулары араң батышып окуп жатышат. Бир партага үчтөн окуучунун олтурушу бул мектептин балдары үчүн адатка айланып калган. 42 мугалим эмгектенет.  Имаратты кеңейтүү боюнча жогорку бийлик өкүлдөрүнө бир нече жолу кайрылуулар болгон менен маселе чечиле элек.

 

Чаткал. Башы-Терек жана Коргон-Сай айылдарында кен казуучу компаниялар тарабынан курулган суу түтүктөрү пайдаланууга берилбей жатып керектен чыгууда. Жергиликтүүлөрдүн ырастоолорунда, жумуштун долбоорлонбой сапатсыз жасалгандыктан түтүктөр көпкө иштебей жарылып, жер алды сууга толуп жатат. Маалым болгондой, Башы-Терек айылындагы таза суу көйгөйүн чечүү үчүн “Чанач”компаниясы 1, 8 млн. сом, районду өнүктүрүү фонду 2 миллион сом бөлүшүп, ага айылга суу түтүктөрү киргизилген. Деген менен түтүктөрдүн дээрлигинен суу чыкпай турат, айрым жерлер казылган бойдон иш жанданган эмес.  Коргон-Сай айылында курулуш жүргөн менен дале суу чыга элек.

 

Аксы. “Кербен” аэропорту кайрадан ишке киргизилет.  Мындай маалымат  1-мартта Жогорку Кеңештин жыйынында белгилүү болуп, тиешелүү токтом кабыл алынды.  Эл өкүлү Алмаз Эргешов 3 райондун элинин жол түйшүгү азаярын, өзүн актай турганын билдирүүдө. Жарандык авиация агенттигинин башчысы Курманбек Акышев депутаттардын аэропорттун алкагындагы түрдүү суроолоруна жооп берип жатып, аэропортту кайрадан жаңылоого тендер жарыяланганын белгиледи.  

Эске салсак, андагы аэропорт 40 жыл мурун курулуп, кезегинде учактар такай каттап турган.

 

Тогуз-Торо.  Райондо тоо кен байытуучу  “Джи Эл Макмал Девелопинг” заводунун курулуп жаткана нааразы болгон эл дагы бир жолу толкуду. Нааразы болгон 500гө жакын  эл “курулушу токтотулган фабриканын иши жүрүп жатат” деген күмөндүү ой менен жыйналышып, 150дөйү Макмал алтын комбинатынын  ичине кирип чыгышты.  Мекемеге кирүүгө кызыккандар арбын болуп, дубалын уратып жиберишкен, бирок комбинаттын мүлктөрүнө бүлүк салышкан эмес.

 Жумагүл ШАЙЫКОВА

 

 

Досторуң менен бөлүш

Коментарии FACEBOOK:



Тектеш жаңылыктар

“Цефей” мектеби иштөөдө “Цефей” мектеби иштөөдө

      Аксы районунун борбору  Кербен шаарында 2014-жылдан бери мүмкүнчүлүгү чектелген балдар үчүн “Цефей” мектеби иштеп келет. Анын түзүүчүсү Бактыбек Калиевдин айтымында 2003-жылы  “Цефей”...

6 - Июня  2016 | 18 : 19893
“Алиманын” чеберлери “Алиманын” чеберлери

     Ушул учурда бир канча жылдардан бери ишмердүүлүгүн жүргүзүп келе жаткан Бурул Нармырзаева айым жетектеген “Алима” тигүү цехинин даңазасы ашып турган кез. Анткени, андагы жыйырма  чебер...

6 - Июня  2016 | 18 : 241157
Чаткал жаңылыктары Чаткал жаңылыктары

               Райондун  Чаткал айыл аймагы жергиликтүү калк арасында жакырчылыктын деңгээлин төмөндөтүү  аракетин көрүүдө. Бул максатта  Дүйнөлүк Азык Түлүк программасынын...

23 - Июня  2016 | 11 : 182051
Ала-Бука районунда балдардын үч жайлоо бакчасы иштеп жатат Ала-Бука районунда балдардын үч жайлоо бакчасы иштеп жатат

    Ала-Бука районундагы жайлоолордо балдар үчүн үч бакча быйыл ачылган. Ал бакчаларга бүгүнкү күндө малчы-койчулардын 47 баласы барат. Райондун борбору Ала-Бука айыл аймагына караштуу "Барчын"...

4 - Августа  2016 | 16 : 241797
Аксыда коллегия болуп өттү Аксыда коллегия болуп өттү

  Аксы районунун мамлекеттик администрациясынын жыйындар залында аталган райондун быйылкы жылдын алты айында болгон согциалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн жыйынтыктарын караган коллегия болуп өттү. Анда...

4 - Августа  2016 | 16 : 301260
Ала-Букада мектептер ремонттолуп бүттү Ала-Букада мектептер ремонттолуп бүттү

  Жалал-Абад областына караштуу Ала-Бука районунда мектептер менен балдар бакчалардын имараттары толугу менен оңдолуп бүттү. Аларды 1-август күнү район тарабынан түзүлгөн атайын комиссия текшерип чыгып,...

4 - Августа  2016 | 16 : 371345
Токтогул кабарлары Токтогул кабарлары

   Райондун акимиинин орун басары Айна Набат кызынын берген маалыматына караганда жыл башынан бери райондо 12 жаъы обьект ачылып, 70 жумуш орду түзүлгөн. Калктын  социалдык турмуш абалын жакшыртуу...

19 - Августа  2016 | 17 : 272103