Асылзаада айымдар сыйланышты

7 - Марта  2018 | 10 : 18488
Асылзаада айымдар сыйланышты

 

КР Өкмөтүнүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Ырысбек Ызабеков баштаган жетекчилер 8-март Аялдардын Эл аралык майрамы менен шаардагы Барпы театрында район-шаарлардан келген айымдарды куттукташты. Белгиленген майрамдык салтанатка Жалал-Абад областынын район-шаарларында эмгектенген ар кайсы тармактын алдыңкы аялдары келип катышып, аларга област жана шаар жетекчилери тарабынан сый-урмат көрсөтүлдү.

КР Өкмөтүнүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Ырысбек Ызабеков:

-Областын экономикалык жана социалдык жактан өнүгүүсүнө салым кошуп, жаткан айымдардын саны арбын. Ошондукан аларга белгиленген бир гана күнү жакшы маанай тартуулап,  калбай ар убак кам көрүү биздин милдет. Аялдарга кандай камкордук керек болсо, ар убак даярбыз. Биз күжүрмөн аялзаты үчүн дайыма жакшы шарттарды түзүп, камкордуктарды күчөтө беребиз, - деди.

Салтанаттын жүрүшүндө областта мекеме-ишканаларда эмгектенип жаткан катардагы ашпозчудан тарта, нөөмөтчү айымга чейин акчалай сыйлык жана Ардак Грамоталар менен сыйланышты.

Андан соң, областтык филармониянын жана Барпы драмалык театрынын өнөрпоздору тарабынан кеңири программадагы концерт берилип, салтанаттын катышуучуларына майрамдык маанай тартууланды.

Белгилей кетсек, Жалал-Абад областынан 350аялдар чакырылып,  шаардык мэрия тарабынан майрамдык иш-чараны өткөрүүгө казынадан 125 миң сом акча каражаты бөлүнгөн. Анын ичинен 100 миң  сому аялдарга майрамдык сыйлык катары тапшырылды.

Элиза АКЖОЛТОЕВА 

Досторуң менен бөлүш

Коментарии FACEBOOK:



Тектеш жаңылыктар

Көк-Жаңгакта аскер кызматкерлеринин балдары үчүн  бала бакча ачылат Көк-Жаңгакта аскер кызматкерлеринин балдары үчүн бала бакча ачылат

Былтыркы жылы өлкө башчысы Алмазбек Атамбаев Көк-Жаңгак шаарындагы  №52870 аскер  бөлүгүн расмий ачылуусуна келгенде, аскер кызматкерлеринин балдарын бакча менен камсыздоо маселеси айтылган.  Өлкө башчы...

9 - Июня  2016 | 11 : 30568
Электрондук-санарип кол тамгасын колдонуу маселеси талкууланды Электрондук-санарип кол тамгасын колдонуу маселеси талкууланды

Жалал-Абад шаарында электрондук-санарип кол тамгасын колдонуу маселесин  ишкерлердин катышуусундагы тегерек үстөлдө талкууланды Жакында  “Жалал-Абад шаарынын ишкерлеринин электрондук-санарип кол...

6 - Июня  2016 | 17 : 39522
Ооруканага профсоюз өкүлдөрү келди Ооруканага профсоюз өкүлдөрү келди

Социалисттик Эмгектин Баатыры Шамшидин Сүйөркулов атындагы борборлоштурулган аймактык оорукананы медициналык кызматкерлердин республикалык тармактык профсоюздарынын өкүлдөрү көрүп чыкты. Мамлекетибиздин ...

6 - Июня  2016 | 17 : 421807
Төрт бөлмө жаңы  ачылды Төрт бөлмө жаңы ачылды

Тогуз-Торо районунун №4-Иса Иманбердиев атындагы орто мектептин мугалимдери мектеп окуучуларына тереңдетилген билим берүүгө умтулууда. Бул багытта мектепте өткөн жумада жаңыдан төрт класс-кабинет  ачылды. Бул...

6 - Июня  2016 | 17 : 44487
Област а 7 адам ипотекалык насыядан үйлүү болушту Област а 7 адам ипотекалык насыядан үйлүү болушту

Бүгүнкү күнгө чейин Жалал Абад областында 7 адам ипотекалык насыядан үйлүү болушту. Мугалимдер, медиктер жана  соц кызматкерлер жеңилдетилген кредиттен үй-жайга ээ болуп келсе, эми жалпы эле бюджетте иштеген...

7 - Июня  2016 | 12 : 491294
159 миң 28 турак жай камсыздандырылды 159 миң 28 турак жай камсыздандырылды

Жалал-Абад областында 200 миң турак жай камсыздандырылыш керек болсо 159 миң 28и мамлекеттик камсыздандыруудан өтүү. Сузак, Базар-Коргон райондорунда жана  айрыкча шаар жерлеринде үй жайын камсыздандыргандар...

7 - Июня  2016 | 12 : 52395
Кургак учук көбөйдү Кургак учук көбөйдү

 Жалал-Абад шаарында жыл башынан бери беш бала кургак учук менен ооруду. Былтыр бул дартка тогуз бала кабылган болчу. Чоң адамдардын да  кургак учукка чалдыгуусу көбөйгөн. Быйыл беш айдан бери 35 жаран ооруса, ...

9 - Июня  2016 | 12 : 3814