Кооперативдер колдоого алынат

16 - Марта  2018 | 11 : 41381
Кооперативдер колдоого алынат

 

 

    Бүгүнү күндө Жалал-Абад областында  токсон айыл чарба кооперативи бар. Дагы да  алардын санын көбөйтүп, мамлекеттик  деңгээлде ар тараптуу  колдоолордун  көрсөтүлүшү учур талабы. Анткени, азыркы базар экономикасынын шартында   айыл чарба азыктарынын сапатын арттырып, экспорттун деңгээлин  көтөрүүгө болот.  Тактап айтканда,  кооперативдердин салык  төлөмдөрүн  азайтып, банктар тарабынан берилген насыялардын пайызын төмөндөтүү менен дыйкандарга көмөк көрсөтүү зарыл болууда. Ушундай маселелерди камтыган  жаңы айыл чарба мыйзамы Жогорку Кеңештин экинчи окуусунда каралууда. Бул жөнүндө КР нын Айыл чарба, тамак аш, өнөр жай жана мелиорация министри Нурбек  Мурашев Жалал-Абад областтык өкүлчүлүктө  өткөн кооператив башчылары, жалпы эле дыйкандар менен жолугушууда айтты.

   Жолугушууда   дыйкандардын банктардан насыя алуудагы кыйынчылыктары жана өндүрүлгөн түшүмдөрүн чет жакка сатуу көйгөйлөрү ортого салынды. Негизги тоскоолдук айыл чарба кооперативдерин түзүүдө укуктук ченемдик базанын жетишсиздиги, элде ал  жөнүндө түшүнүктүн жоктугу жана  эл аралык донордук уюмдар менен иштешүү мүмкүнчүлүктөрүнүн жоктугу болуп жаткандыгы да белгиленди.

Базар-Коргон районундагы “Абдулмомун ата” үрөнчүлүк жана техникалык жактан колдоо кооперативинин жетекчиси Актилек Өсөркулов банктан насыя жана техника алууну өкмөт дагы бир жолу карап чыкса дейт. Анткени иштин башталышында ушул жагдайда көп көйгөйлөр келип чыгат.

Министр айтылган көйгөйлөрдү каралып жаткан айыл чарба мыйзамында белгилээрин жана банктардын дыйкандарга жеңилдетилген насыя берүүлөрүн кайрадан карап чыгаарын билдирди. Айрыкча “Айыл банктын” ички шарттары менен айыл чарба азыктарын  өндүрүүчүлөр ортосундагы түшүнбөстүктөргө токтолуп, аны мыйзам чегинде банк жетекчилиги менен чечүү аракети болоорун белгиледи.

 

Гүлнура КЕЛДИБАЕВА

Досторуң менен бөлүш

Коментарии FACEBOOK:



Тектеш жаңылыктар

Көк-Жаңгакта аскер кызматкерлеринин балдары үчүн  бала бакча ачылат Көк-Жаңгакта аскер кызматкерлеринин балдары үчүн бала бакча ачылат

Былтыркы жылы өлкө башчысы Алмазбек Атамбаев Көк-Жаңгак шаарындагы  №52870 аскер  бөлүгүн расмий ачылуусуна келгенде, аскер кызматкерлеринин балдарын бакча менен камсыздоо маселеси айтылган.  Өлкө башчы...

9 - Июня  2016 | 11 : 30511
Электрондук-санарип кол тамгасын колдонуу маселеси талкууланды Электрондук-санарип кол тамгасын колдонуу маселеси талкууланды

Жалал-Абад шаарында электрондук-санарип кол тамгасын колдонуу маселесин  ишкерлердин катышуусундагы тегерек үстөлдө талкууланды Жакында  “Жалал-Абад шаарынын ишкерлеринин электрондук-санарип кол...

6 - Июня  2016 | 17 : 39481
Ооруканага профсоюз өкүлдөрү келди Ооруканага профсоюз өкүлдөрү келди

Социалисттик Эмгектин Баатыры Шамшидин Сүйөркулов атындагы борборлоштурулган аймактык оорукананы медициналык кызматкерлердин республикалык тармактык профсоюздарынын өкүлдөрү көрүп чыкты. Мамлекетибиздин ...

6 - Июня  2016 | 17 : 421774
Төрт бөлмө жаңы  ачылды Төрт бөлмө жаңы ачылды

Тогуз-Торо районунун №4-Иса Иманбердиев атындагы орто мектептин мугалимдери мектеп окуучуларына тереңдетилген билим берүүгө умтулууда. Бул багытта мектепте өткөн жумада жаңыдан төрт класс-кабинет  ачылды. Бул...

6 - Июня  2016 | 17 : 44453
Област а 7 адам ипотекалык насыядан үйлүү болушту Област а 7 адам ипотекалык насыядан үйлүү болушту

Бүгүнкү күнгө чейин Жалал Абад областында 7 адам ипотекалык насыядан үйлүү болушту. Мугалимдер, медиктер жана  соц кызматкерлер жеңилдетилген кредиттен үй-жайга ээ болуп келсе, эми жалпы эле бюджетте иштеген...

7 - Июня  2016 | 12 : 491263
159 миң 28 турак жай камсыздандырылды 159 миң 28 турак жай камсыздандырылды

Жалал-Абад областында 200 миң турак жай камсыздандырылыш керек болсо 159 миң 28и мамлекеттик камсыздандыруудан өтүү. Сузак, Базар-Коргон райондорунда жана  айрыкча шаар жерлеринде үй жайын камсыздандыргандар...

7 - Июня  2016 | 12 : 52364
Кургак учук көбөйдү Кургак учук көбөйдү

 Жалал-Абад шаарында жыл башынан бери беш бала кургак учук менен ооруду. Былтыр бул дартка тогуз бала кабылган болчу. Чоң адамдардын да  кургак учукка чалдыгуусу көбөйгөн. Быйыл беш айдан бери 35 жаран ооруса, ...

9 - Июня  2016 | 12 : 3737