Сүйүнчү акча сүйүнттү, а жөлөк пул жөндөлөбү?

16 - Марта  2018 | 12 : 10694
Сүйүнчү акча сүйүнттү, а жөлөк пул жөндөлөбү?

 

 

Көп жылдардан бери  калк арасында нааразылык туудуруп, чечилбей  келе жаткан сүйүнчү жана жөлөк пул жөнүндөгү жаңы мыйзам иштелип чыгып, ал 2018-жылдын январынан баштап ишке кирмей болгон. Бирок, Өкмөт бюджеттеги акчанын аздыгын айтып, жөлөк пулду апрель айында жөндөп берээрин убада кылган эле. Эми ошол убаданын ишке ашар саатын күтүп, көпчүлүк убайым тарткансыйт.     

Сузак районунун тургуну, беш балалуу  Айназик Сапарбаева жөлөк пул алыш үчүн көп убара тартып да, аны ушул кезге чейин  ала албай жүрөт. Анткени үстүндө үйү, астында унаасы бар. Чоң баласы жогорку окуу жайда окуйт. Документ тууралай келгенде “Сен балаңды акча төлөп окутуп жатыпсың, демек, чама-чаркың жетиштүү. Жөлөк пулга муктаж эмессиң” деген “жылуу-жумшак” жеме угуп, жөлөк пулдан кур калган.

-Башында жөлөк пул алчуумун. Кийин эле “үйүң бар, унааң бар, муздаткыч, телевизоруң бар” деген шылтоолор чыкты. “Аным жок, мунум жок” деп, оңор эмес документ топтойт элек. Анан ошондой убаракерчилигинен тажап, “ арзыбаган жөлөк пул албай, жөн эле отурайынчы” деп, баш тартып койгом. Жаңы мыйзамдагы өзгөрүүлөрдү угуп, жаңы жылдан баштап азыраак документ топтоп, “төрт балама акча алып калат экемин” деп, сүйүнүп отургам. Мен сыяктуулар оголе көп. Беш-алты балалуу, бирок, короосунда төрт түлүктөн төртөө болсо да, жөлөк пулдан кур калгандар чекеден чыгат. Ал эми тийиштүү адистер “бербестин ашы бышпас, болуп, эми “апрель айынан баштап жаңы мыйзам менен жөлөк пулдар берилет” деп, тил эмизишти. Чамасы, ал деле ишке ашышы күмөн окшойт-дейт, Айназик Сапарбаева.

Сузак райондук социалдык өнүгүү бөлүмүнүн тиешелүү адистеринин берген  маалыматына караганда  райондо 6729 үй бүлөдө 22 миң 132 бала жөлөк пул алат. Өкмөттүн убайымга салган убадасы ишке ашпагандыктан, азырынча  жөлөк пул алуу үчүн толгон-токой документ топтоп, анан балдардын акчасын алышууда.

Ушул райондун Барпы айыл өкмөтүндө 475 үй-бүлөдө  1618 балага жөлөк пул чегерилет. Бул сан негиздүү жана негизсиз себептерден улам ар алты айда, же жыл сайын өзгөрүп турат. Анын себебин, аталган  айыл өкмөтүнүн социалдык маселелер боюнча башкы адиси Гүлбарчын Карабаева балдарынын жашы 16 жаштан өткөндөр жана турмуш шартынын оңолуусунан улам жөлөк пул албагандар түзүп  жатканын айтат. Ошондой эле  ондон ашык документ топтоодон жадап, баш тарткандар көп экендигин кошумчалайт. Бул айыл аймакта 2016-жылы 491 үй-бүлө, былтыркы жылы 475 үй-бүлө жөлөк пул алган.

Жалал-Абад шаарында ушул жылдын 1- мартына карата 726 үй-бүлөдө 2220 бала жөлөк пул алат. 2016-жылы 1995 балага акча чегерилген. Сандык өзгөрүүлөр жөлөк пул алуучулардын материалдык жашоосунун оңолушунан да болуп жатат.  Шаардык социалдык өнүгүү башкармасынын социалдык кепилдиктерди чектөө бөлүмүнүн адиси Гүлмира Раимкулова:   

-Ар кандай себептерден улам жөлөк пул алуучулардын саны өзгөрүп турат. Бирок, кескин азайып, же көбөйүп кете элек. Талап кылынган документтерге туура келбегендиктен балдарына акча ала албай калышкандар бар. Мисалы, үлүш жери, унаасы болсо, же иштеген жериндеги айлыгы жетишерлик деп эсептелсе,  жөлөк пул алуудан четтетилет-дейт.

Бирок,  өз алдынча иштеп, жашоосун жөндөгөн Самарбек Айткулуев элдин социалдык-экономикалык жашоосу оңолуп жаткандыктан, жөлөк пул алуучулардын саны кыскарып жатат деген ойго такыр кошулбайт.

-Акча керек үчүн  жөлөк пулга документ тууралайм деп жүгүрүшөт да. Анан эле айлыгын эсептеп, “жериң, унааң бар экен, демек байсың” деп, түртө салышат. Чынында бул байлык эмес. Үйүндө жакшы телевизору, “Мерседес” автоунаасы болсо бул- жөн гана турмуш шартка керектүү нерсе. “Ушуларың бар экен жөлөк пул албай эле кой” дегени жөн гана шылтоо. Эми деле жаңы мыйзам иштеп чыгышып, аны да ишке киргизбей, эптеп эле акча  бербештин айласын кылышып, улам-улам убактысын узартып жатпайбы?- дейт, Самарбек Айткулуев.

Бул арада Өкмөт жаңы төрөлгөн балдарга сүйүнчү акча берип турууну ишке ашырып баштады. Жалал-Абад шаардык социалдык өнүгүү башкармасынын маалыматына караганда шаарда жыл башынан бери жаңы төрөлгөн 14 балага 4000 сомдон сүйүнчү акча берилди.

Шаар тургуну, эки балалуу Элнура Кадырбек кызы жакында төрөлгөн баласына 4000 сом сүйүнчү акча алды. Ал буга чейин бир баласы үчүн үй-жай, унаасы болгондуктан, жөлөк пул албай келген. Жөлөк пулдар боюнча жаңы мыйзам ишке ашып баштаса,  аракет кылаарын айтат. Беш баланын энеси Адалаткан Маткалыкова да бешинчи баласына сүйүнчү алып, сүйүнүп турган кези.  

-Буга чейин калган балдарыма жөлөк акча алыш үчүн оңор эмес документ тууралачуубуз. Эми жаңы мыйзам күчүнө кирсе, балдардын акчасын алуу жеңилдеп, көбөйүп да калат беле деп турабыз- дейт Адалаткан Маткалыкова.

Сүйүнчү акчанын дагы бир ээси болгон Айсулуу Апатаева үч баласы үчүн жөлөк пулга жүгүрбөгөндүгүн айтат. 

-Көп документ даярдап, ары-бери жүгүрүшүн керек. Ошондо да “үйүн барбы, жериң барбы, унааң барбы?” деп, чарчатышат. “Ушундан көрө” деп, албай койгонбуз. Кудайга шүгүр, жолдошум Россияга барып иштеп келип, кем-каржыбыз бүтөлүп турат-дейт Айсулуу.

Эми ушул жөлөмөдөн үмүт арткан жарандардын тилеги орундалабы, же “жөлөк пул алсаң, жүгүрүп ал” деп, убарага салган убай  көпчүлүктүн  үмүтүн үзүөбү, убакыт көргөзөр...

 

                          Гүлнура КЕЛДИБАЕВА           

 

                               

Досторуң менен бөлүш

Коментарии FACEBOOK:



Тектеш жаңылыктар

Майда эмес маселелер арбын Майда эмес маселелер арбын

Жалал-Абад областтык өкүлчүлүгүндө өткөн коллегияда жарандарды турак жай менен камсыз кылуу, административдик башкаруунун  абалы  ошондой эле  тарых жана маданият жылындагы аткарылып жаткан иштер...

6 - Июня  2016 | 18 : 71044
ВИЧ илдети баш ооруга айланууда ВИЧ илдети баш ооруга айланууда

  Област аймагында бүгүнкү күндө  708 атуул ВИЧ/СПИД илдетин жуктуруп алган, анын 76сын жашы жете элек өспүрүмдөр түзөт. Мындай маалымат областтык саламаттыкты сактоонун координациялык кеңешменин Ноокен...

6 - Июня  2016 | 18 : 111315
Секелектердин тагдыры сестентет Секелектердин тагдыры сестентет

Областта акыркы үч жылда 15-17 жаштагы кыздардын турмушка чыгуусу көбөйдү.  Ага мисал иретинде 2013-жылы 146 кыз үй-бүлө курган. Андан кийинки жылы 205 кыз мектепти бүтпөй турмуш жолуна аттанган. Былтыр  212 өспүрүм кыз...

6 - Июня  2016 | 18 : 42846
Үй курганга жер берчи Үй курганга жер берчи

2009-жылы республикада сугат аянттарды турак-жай үчүн бөлүп берүүгө мораторий жарыяланган. Ага чейин өлкө аймагында 38  миң  адам  айыл чарба жерлеринин сугат жайларына 42 миӊ турак  жай куруп алган. Бирок,...

7 - Июня  2016 | 12 : 451040
Шаардыктар көчөнү кеңейтүүнү каалады Шаардыктар көчөнү кеңейтүүнү каалады

Жалал-Абад шаарынын  Ленин көчөсүн кеңейтүүнүн  экинчи этабы башталды. Борбордук жолду кеңейтүү  жумушун колго алган шаар бийлигинин  аракетин  шаар жашоочулары гана эмес,  областтын  калкы да...

10 - Июня  2016 | 16 : 40537
ЖАЛАЛ-АБАДДА ЭСКИ ТӨРӨТ ҮЙҮНҮН ИМАРАТЫН ЖАНА ЖЕРИН КИМ САТКАН? ЖАЛАЛ-АБАДДА ЭСКИ ТӨРӨТ ҮЙҮНҮН ИМАРАТЫН ЖАНА ЖЕРИН КИМ САТКАН?

Жалал-Абад шаарынын прокуратурасы быйылкы 17-майда Жалал-Абад областынын райондор аралык сотуна доо арыз менен кайрылып, Жалал-Абад шаарынын мэриясынын 2009-жылдын 26-июнундагы №41 жер аянтын сатуу жана сатып алуу...

15 - Июня  2016 | 10 : 31322
Бизнес-форум – дыйкан менен ишкерге көпүрө Бизнес-форум – дыйкан менен ишкерге көпүрө

Жалал-Абад шаарында  21-22-июнь күндөрү  айыл чарба азыктарын жарнамалоону жана областка инвестиция тартууну көздөгөн  II Эл аралык  бизнес форум   болуп өттү.  Анда  айыл чарба азыктарынын...

27 - Июня  2016 | 12 : 221660