Заманбап бут кийим тиккен өтүкчү

19 - Марта  2018 | 9 : 52586
Заманбап бут кийим тиккен өтүкчү

 

Сузак районунун Ырыс айылынын тургуну Шарабидин Рахимбердиев өз колу менен заманбап жана сапаттуу бут кийимдерди тигип сатып, киреше табууда. Эч кандай техника колдонулбастан кол жумушу менен бүткөрүлүүчү бут кийимдердин материалын Россия Федерациясынан, Өзбекстандан жана Бишкек шаарынан алдырат. Бул инсандын колунан чыккан бут кийимдер сапаты,  дизайны жагынан чет элдик бут кийимдерден кем калышпайт. Акырындык менен өз кардарларынын да саны арбып баратат. 56 жаштагы Шарабидин 16 жашынан тарта эле бут кийим тигүүчүлүктү кесип катары үйрөнүп, өмүр бою эл кызматын аркалап келген. Анан калса мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар үчүн да бут кийимдин түрүн да тиге алат.

-Мектепти 9-классты аяктаарым менен эле бут кийим тигүүчү өтүкчүгө шакирт түштүм, мен келген учурда 20дай мага окшогон үйрөнчүк балдар бар экен. Аларга кошулуп мен да тигүүчүлүктү үйрөндүм, өзүмдүн кызыгуум күчтү болгонгобу бат үйрөнүп кеттим. Кийинчерээк бут кийим тигүүчү заводдо иштеп жүрдүм, Союз тарагандан кийин ал ишкана да жабылып калды. Эл катары Россияда 12 жыл иштеп келдим. Өзүм устакана ачып, акыркы эки жылдан бери  кайыштан бут кийим тигип жатам.  Кардарлардын талабына жараша тигип берем. Азыр мага мүмкүнчүлүгү чектелгендерге ылайыкталган жана спорттук кийимдерге буйрутма бергендер көп болуп жатат. Ден-соолуктарынан жабыркагандар биринен экинчиси угуп олтуруп эле кайрылып жатышат, Бир бут кийимди тигүү үчүн 2 күндүк убактымды ажыратам. Кайыш бут кийимдердин баасы 3000, 4000 сомго чейин баалайм, кардарлардын көпчүлүгү таза кайыш болгон үчүн ыраазы болуп эле алып кетип жатышат-дейт өтүкчү. 

Сузактык уста эми шакирттери менен биргеликте бут кийим тигүүчү ишкана ачууну көздөп жатат.

Жумагүл ШАЙЫКОВА

 

 

 

Досторуң менен бөлүш

Коментарии FACEBOOK:



Тектеш жаңылыктар

Мекеним менин-Кыргызстан Мекеним менин-Кыргызстан

Кыргызстандагы башка аймактардан айырмаланып, Жалал-Абад жергеси  чер токойлуу келип, даңазалуу жаңгагы алма,мисте, алчасы, табигый, тарыхый эстелик жайларга бай жана  туризм тармагын өнүктүрүүгө жетиштүү...

7 - Июня  2016 | 18 : 221363
Өрнөктүү өмүр өтөгөн инсан Өрнөктүү өмүр өтөгөн инсан

Советтик доорду канчалык  “андай эле, мындай эле” деп, сындаганыбыз менен, ал учурдун өзүнүн керемети , касиети жана идеологиясы, анан ошол системаны бекем кармап турган адамдары болгон. Коммунисттик...

7 - Июня  2016 | 18 : 293653
Жаштар –  туура кадам, таза максат үчүн! Жаштар – туура кадам, таза максат үчүн!

Үстүбүздөгү жылдын 13-14-июнь күндөрү “Жаштар - туура кадам, таза максат үчүн!” аттуу республикалык жаштар форуму областта үчүнчү жолу өткөрүлдү. Активдүү жаштардын башын бириктирген иш-чара  жаңгак токою...

17 - Июня  2016 | 14 : 372187
Питерде жумушсузга иш бар Питерде жумушсузга иш бар

Областтын кырк жашка чейинки жумушсуз адамдары үчүн Россия Федерациясынын Санкт-Петербург шаарынан 89 бош жумуш орун табылды. Бул максатта республиканын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик миграция кызматынын...

17 - Июня  2016 | 16 : 191270
“Аза көйнөк азабы...” “Аза көйнөк азабы...”

    Кыргыздын кылым карыткан каада - салттары бар. Ал муун улап жашап келет. Мезгил алмашып, “заман өзгөрдү” деп, айрымдарын унутта да калтырып жатабыз. А бирок,  улам жаңырып, заманбап  “түскө”...

22 - Июня  2016 | 17 : 361484
Кошуналар алчадан  сок жасайт, а биз... Кошуналар алчадан сок жасайт, а биз...

                Жалал-Абад базарында  алча  18-20 сомдон сатып алынып, Казакстанга  экспорттолуп жатат. Төрт жылдан бери алча ташыган Арзымат күнүнө анын 2-3 тоннасы Талас аркылуу Чимкентке...

24 - Июня  2016 | 19 : 482557
Эл комиссары жөнүндө баян Эл комиссары жөнүндө баян

“Тарых жана маданият жылына” карата    Шарапат эненин эскерүүсү Токсонго барып калган Шарапат байбиче Барпы аймагынан чыккан Эл комиссары Абдукадыр Абдраимов жөнүндө төмөнкүчө...

22 - Июля  2016 | 18 : 401797