Мечит менен мектептин атаандаштыгы күч алдыбы?

6 - Апреля  2018 | 8 : 34417
Мечит менен мектептин атаандаштыгы күч алдыбы?

 

Акыркы мезгилде  мектепке караганда мечиттердин көп курулуп, ага мектеп жашындагы балдардын да арбын тартылуусу коомчулуктун көңүлүн өзүнө бурган орчундуу маселеге айланып бараткандай. Башка аймакты айтпаганда да Жалал-Абад областында  545 мектеп болсо, алардын 45 пайызы типтүү, азыркы талапка жооп берет, 20 пайызы орточо, калганы  эскилиги жеткен, авариялык абалдагысы  да бар.  Областтык казияттын берген маалыматына караганда  мечиттин саны 643 кө жеткен жана алардын 593 ү каттоодон өткөн. Ошол эле мезгилде эң чакан мечит элүү орундуу болсо, жума намаз өтүүчү мечиттер  2 миң орунга чейин. Мындан сырткары 9 медресе, бир институт да бар. Ал жайлардан билим алгандардын саны 753 адам, дээрлиги жаштар. Ал эми мектептер болсо эң чаканы 240 , эң чоңу 900- 1200 орундуу. Баш Мыйзамыбыздын Башкы беренесинде “Кыргызстан динден ажыратылган светтик мамлекет” деп, бадырайтып жазылып турганына карабастан, дин ааламына чакырган, дин илимин жайылткан жана диний ырым-жырымдарды үйрөткөн  мындай жайлардын  саны улам  арбып баратканы эмнени каңкуулайт жана анын эртеңкисин кескин айта  алабызбы? Маселе ушунда турат жана бул бардыгыбызды ойлондурууга тийиш. Жыл башында  Жалал-Абад шаардык мэриясынын жыйындар залында коомчулук менен дин адамдарынын, күч түзүмдөрүнүн биргелешкен Тегерек столу болгон эле. Ошондо айрымдар мечитке караганда, мектептерди көп куруш керектигин кескин айтып чыгышкан. Ал ойго кошулбай, “мечиттердин көп курулганы эч кимге зыян алып келбейт, тескерисинче адам баласын ыйманга, адепке жана чыныгы адам болууга тарбиялай турган ыйык жай” дегендер болгон. Айтор, бул  жыйын кызуу талаш-тартышты жараткан эле. Мына ушул  маселени, дагы бир оозго алып, анда коюлган суроонун айланасында  областтык казияттын жооптуу катчысы Хаджибеков Абдиназар мырзага  кайрылдык:

  • Мектепке бала биринчи класстан он биринчи класска чейин эле барат. Ал эми  мечитке жетимиш жашка, же өмүр бою барса болот. Ал жерде да илим берилет, турмушка тарбияланат, багыт алат. Жашоонун маңызын түшүнөт. Ошондой эле мектепте  бир класста 40-50 окуучу билим алган жайлар бар. Бул учурда мугалим балдарга толук кандуу билим бере албайт, мүмкүн да эмес. Ал эми медресе, мечиттерде  бир аалым бирден, экиден , ашып барса он балага бир мезгилде илим бере алат. Ал эми мечиттердин санынын көбөйүшү бул жакшы нерсе, анын үстүнө көпчүлүк мечиттер сырттан, инвестициянын таасиринен курулуп жатат. Айрыкча Араб ишкерлери канчалаган мечиттерди салып беришти. Алар мамлекетке карыз беришкен жок. Ошол курулган мечит ошол ордунда калат, ал элге кызмат кылат. Айта кетейин, элүүгө жакын мечиттердин абалы жакшы эмес, аларды кайра куруу зарылдыгы бар. Ал эми ошол эле Араб ишкерлери, фонддор мектеп, ФАП куруп бергенге даяр. Алар сунушту күтүп жатышат. Акыркы мезгилде коомчулуктун деле маалыматы болсо керек  өткөн жылы Сузак районуна мектеп, башка бир катар айылдарга ФАП куруп беришти го. Алар сунушту эле күтүп жатышат. Дагы бир  айта кете турган жагдай алар сунушталган курулушту өздөрүнүн куруучулары менен бүткөрүүнү каалашат экен. А бизде болсо, “акчасын берсин, өзүбүз курабыз” дегендер чыгып жаткандыктан, ортодо келишпестиктер да болуп жаткандай. Мен билгенден ушундай курулуш, кайрымдуулук  иштери менен  алектенгендердин саны он төрт. Мына ошолорго мектеп директорлору кайрылып,  кат жазып, сунуштарын беришип, балким долбоорлорун да тастыктап алышып, анан эски, авариялык абалдагыларды  жаңылап алса, ошол эле мезгилде жаңы мектеп курулса боло турган жагдайлар бар.

Ал эмиЖалал-Абад шаардык билим берүү башкармалыгынын башкы адисиАзимжан Абдрашев мечиттердин көп курулушуна кошулбайт жана мектептерди көбөйтүү зарылдыгын айтат. “Анткени, шаардын калкы улам көбөйүп жатат. Бирок, мамлекеттик мектептер мурдагыдай эле жыйырма бойдон турат. Алардын айрымдарында бир класста элүү бала окуган жанаүч нөөмөт мененбилим берген кырдаалтүзүлгөн.. Бул мугалим үчүн да оор, окуучуга да ыңгайсыздыкты жаратат. Негизи билим берүүнүнстандартын эске алганда бир класста отуздан ашуун окуучу болбошу керек. Андыктан шаарга дагы кошумча жаңы мектеп куруу керек.Эң типтүү билим уясындаалты жүздөн бала ашпашы керек.Ал эми бизде эки эсе, кээде үч эсе көп бала тартылган. Балдардын саны өтө көп болуп кеткендиктен, аргасыздан айрым класстарды убактылуу жабууга мажбур болгон учурлар бар. Анан акыркы убакта он эки класс билим берүү маселеси козголуп жатат. Мен ага каршымын себеби, баланын өмүрү мектепте эле өтүп кетеби? Аны адистикке тарбиялашыбыз керек, билимин андан ары улантуу керек. Он сегиз , он тогуз жашында жетилүү аттестатын алган бала, жогорку окуу жайында дагы беш, алты жыл окуса,мисалы, мединституттан билим алып, ден соолук сакчысы болом дегенокуучу он жылга жакын окуп жатпайбы. Анан отузга барып, диплом алабы? Ошол эле мезгилде окуучуну он эки жыл мектепте кармасак, ансыз да бала батпай жаткан билим уясынын кайсы бурчуна алып барып, аларды жайгаштырабыз. Ал үчүнстандартка туура келген, жаңы жайларды курсак бир жөн. Дагы бир маселе, эгер балага тогузунчу класстан тартып адистикке тарбиялап баштасак, анан ошончо убакыт орто билим берүү маселесин козгосок болот эле. Дегинкиси булжагдай, “жети өлчөп, бир кесүүнү” талап кылат го”-дейт, ал.

Албетте, азыр “биз кайда баратабыз?” деген, көп ойду жараткан суроого жооп издеп, жүрөгүбүздү ооруткан маселенин бири болуп турган бул көйгөй төмөнтөн тартып, жогоркуларды да ойлонтууга тийиш жана анын айланасында дагы алдыда көп сөз болоор.

 

Бактыкан АЖЫМАМАТОВА

 

Досторуң менен бөлүш

Коментарии FACEBOOK:



Тектеш жаңылыктар

Мекеним менин-Кыргызстан Мекеним менин-Кыргызстан

Кыргызстандагы башка аймактардан айырмаланып, Жалал-Абад жергеси  чер токойлуу келип, даңазалуу жаңгагы алма,мисте, алчасы, табигый, тарыхый эстелик жайларга бай жана  туризм тармагын өнүктүрүүгө жетиштүү...

7 - Июня  2016 | 18 : 221488
Өрнөктүү өмүр өтөгөн инсан Өрнөктүү өмүр өтөгөн инсан

Советтик доорду канчалык  “андай эле, мындай эле” деп, сындаганыбыз менен, ал учурдун өзүнүн керемети , касиети жана идеологиясы, анан ошол системаны бекем кармап турган адамдары болгон. Коммунисттик...

7 - Июня  2016 | 18 : 293766
Жаштар –  туура кадам, таза максат үчүн! Жаштар – туура кадам, таза максат үчүн!

Үстүбүздөгү жылдын 13-14-июнь күндөрү “Жаштар - туура кадам, таза максат үчүн!” аттуу республикалык жаштар форуму областта үчүнчү жолу өткөрүлдү. Активдүү жаштардын башын бириктирген иш-чара  жаңгак токою...

17 - Июня  2016 | 14 : 372253
Питерде жумушсузга иш бар Питерде жумушсузга иш бар

Областтын кырк жашка чейинки жумушсуз адамдары үчүн Россия Федерациясынын Санкт-Петербург шаарынан 89 бош жумуш орун табылды. Бул максатта республиканын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик миграция кызматынын...

17 - Июня  2016 | 16 : 191316
“Аза көйнөк азабы...” “Аза көйнөк азабы...”

    Кыргыздын кылым карыткан каада - салттары бар. Ал муун улап жашап келет. Мезгил алмашып, “заман өзгөрдү” деп, айрымдарын унутта да калтырып жатабыз. А бирок,  улам жаңырып, заманбап  “түскө”...

22 - Июня  2016 | 17 : 361575
Кошуналар алчадан  сок жасайт, а биз... Кошуналар алчадан сок жасайт, а биз...

                Жалал-Абад базарында  алча  18-20 сомдон сатып алынып, Казакстанга  экспорттолуп жатат. Төрт жылдан бери алча ташыган Арзымат күнүнө анын 2-3 тоннасы Талас аркылуу Чимкентке...

24 - Июня  2016 | 19 : 482628
Эл комиссары жөнүндө баян Эл комиссары жөнүндө баян

“Тарых жана маданият жылына” карата    Шарапат эненин эскерүүсү Токсонго барып калган Шарапат байбиче Барпы аймагынан чыккан Эл комиссары Абдукадыр Абдраимов жөнүндө төмөнкүчө...

22 - Июля  2016 | 18 : 401883