Кайра иштетүү жанданды...

4 - Мая  2018 | 4 : 37413
Кайра иштетүү жанданды...

 

Област аймагында биринчи кварталда кайра иштетүү тармагы жанданды. Жаңы өндүрүштөрдү ишке киргизүү иш-чараларынын алкагында  үч айда 18 жаңы ишкана ишке кирди. Талаа иштери кызуу жүрүп жатат. Ушул күндөрү жергиликтүү бийлик малдарды идентификациялоо жумушуна да өзгөчө маани берүү керек болуп турат. Антпесе мал жандыктар жайлоого кетип, идентификациялоо жумуштарын жүзөгө ашырууда түйшүк жаралат.   Мындай маалымат  биринчи кварталдын жыйынтыгын чыгарган коллегияда айтылды.  Жыйынды КРнын Өкмөтүнүн областтагы ыйгарымдуу өкүлү Кыянбек Сатыбалдиев алып барды.

Сандык көрсөткүчтөр тастыктайт

     Ыйгарым укуктуу өкүлчүлүктүн аппаратынын Региондук өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы Ажымамат Исаевдин баяндамасына караганда, “2018-жылдын биринчи кварталынын жыйынтыгы менен 2017-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу салыштырма баада өнөр жай продукциясынын физикалык көлөмүнүн индекси-101,8 пайызга, айыл чарбасынын физикалык көлөмүнүн индекси-102,5, негизги капиталга инвестиция тартуу-132,3, автотранспорт менен жүк ташуу-105,9, жүргүнчүлөрдү ташуу-104,5, рыноктук кызматтардын көлөмү-103,6, чекене товар жүгүртүү-103,8, акылуу кызмат көрсөтүү-100,8 пайыз  өсүү темпи аткарылды.  Анын ичинен өнөр жай тармагына маани бере турган болсок, бул тармакта жалпысынан 6516,9 миллион сомдук продукциясы өндүрүлүп, физикалык көлөмдүн индексинин өсүү темпи 101,8 пайызды түзгөн. Жалпы Республиканын көлөмүндөгү областтын үлүшү 11,4 пайызды түздү. Өнөр жайдын негизги тармагынын ичинен эки тармагында физикалык көлөмдүн индекси өскөн.  Башкача айтканда кайра иштетүү тармагы жанданды, көрсөткүч ашыгы менен аткарылды. Энергетика тармагы жакшы көрсөткүчтү берди.  Ал эми тоо кен жана суу менен камсыздоо, калдыктарды иштетүү жана экинчи ирет сырьёну алуу тармактарында физикалык көлөмдүн индексинин өсүү темпи камсыздалбаган. Буга Чаткал районундагы “Вертекс голд компании” ишканасы менен Ала-Бука районундагы “Фульд голд майнинг” ишканаларынын алтын концентрантын аз өндүрүлүүсү  себеп болгон.  Мисалы, “Фулдь голд майнинг” алтын концентратын  13288  аз өндүргөн. Ошондой эле, көмүр казып алуунун көлөмүнүн азайганы да таасир берген. Быйылкы жылдагы кыш жеңил болгондугуна байланыштуу,   көмүр казып жаткан ишканалардан Таш-Көмүр шаарындагы “Тегене” ЖЧКсы 10,0 миң тоннага, башка ишканалар 300 тоннага аз көмүр  казышкан.  Ноокен районунда көмүр казып алган кичи ишканалар өндүргөн көмүргө суроо талаптын жоктугунан иштеген эмес. Натыйжада көмүр өндүрүү тармагында жалпысынан 13680 тонна гана көмүр казылып алынып, өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 11732 тоннага азайган.

Өндүрүштөгү өр алуулар

2018-жылы жаңы өндүрүштөрдү ишке киргизүү иш-чараларынын алкагында 1-апрелге чейин дубанда 18 жаңы ишканалар ачылганы кубандырат. Мындагы жайлардын ичинен өнөр жай тармагында-4, соода борборунда-3, кызмат көрсөтүү тармагында-11 ишкана ишке киргизилип, 55 жаңы жумуш орун түзүлгөн.

Кичи жана орто бизнес ишканалары тарабынан 120,2 миллион сомдук продукция өндүрүлгөн. Деген менен өнөр жай продукцияларынын көлөмү Ала-Бука районунда 1,4 млн, Аксыда-2,4млн , Ноокенде-8,2млн , Жалал-Абад шаарында 4,4 миллион,  Кара-Көлдө 200,0  миң сомго төмөндөп кеткен.

Айыл чарбадагы абал

 

2018-жылдын январь-март айында айыл чарбасынын, аңчылык жана токой чарбасынын дүң продукциясы 3646, 7 миллион сомду түзүп, физикалык көлөмдүн индекси 102,5 пайызга аткарылды. Башкача айтканда, 12563 тонна эт, 38539 тонна сүт, 8529 даана жумуртка өндүрүлгөн.  Баяндамачы баса белгилегендей, азыркы тапта жазгы талаа жумуштары кызуу жүрүп жатат.  2018-жылдын 19-апрелине карата оперативдүү маалыматтар боюнча 48113 гектар жерге айыл чарба эгиндери эгилип бүттү. Быйыл пахта менен картошканын аянтын кеңейтүү үчүн да аракет көрүлүүдө. Алыскы тоолуу райондордо жумуш кызуу башталды. Айыл чарба жерлерин сугат суу менен камсыздоо багыттары да колго алынды.

“Айыл чарбасын каржылоо-6” долбоорунун алкагында областтын айыл чарбасын өндүрүүчү 777 субьектиге жалпы суммасы 273 миллион 20 миң сомдук жеңилдетилген 10 пайыздык жана кайра иштетүүгө 6 пайыздык насыялар берилди.

Өсүүлөр, өксүктөр...

Ажымамат Исаев белгилегендей, үч ай аралыгында областка капиталдык инвестициялар  көп тартылды. “Кыргызнефтегаз” ААКсы 12,7 миң тоннага көп нефть өндүрдү. Электр энергиясын пайдалануу боюнча бекитилген лимит 27,3 млн. кВт саатка үнөмдөлдү. Дебитордук карыздар кыскарууда.  Саламаттык сактоо, билим берүү жана башка тармактарында алга жылуулар бар. Деген менен кемчиликтер да жок эмес.  Салыктарды  жыйноого жакшы көңүл бурулбай калган. Жыл башынан бери салыктардан жалпысынан 961,2 миллион сом, бажы төлөмдөрүнөн 39,1 миллион сом жыйналып, салык төлөмдөрүнүн план божомолу негизинен аткарылган. Бирок, республикалык бюджетке чегерилүүчү  салык ойдогудай эмес.  Бул салык Сузак, Ноокен. Базар-Коргон райондорунда жана Майлуу-Суу шаарында өз деңгээлинде жыйналбай, областтын көрсөткүчүн аркага тартууда. Жыйында ыйгарымдуу өкүл Ноокен районунун акими Эркин Маматаевдин салык жыйналбай калуусунун себеби сурады. Ал  салык  “Кыргызнефтегаз”  ААКсы  төлөбөй калуусунан улам жаралганын билдирди. Райондогу салык кызматынын жетекчилиги да  да район акиминин сөзүн кубаттады. Деген менен аталган мекеме өкүлдөрү салыктардан эч кандай карызы жок экенин билдиришип, талаш-тартыш орун алды. Бул маалымат жумуш ыргагы менен дагы такталмай болду.

Жумушсуздук учурдун башкы көйгөйү

   Баяндамачы жумушсуздукту жоюуга кайдыгер мамиле жасалган район-шаарларды да атады. Маалым болгондой, област боюнча  18259 адам жумушсуздук боюнча расмий каттоодо турат.

-Областта расмий жумушсуздардын саны өткөн жылга салыштырмалуу  4796 адамга көбөйгөн.  Жумушсуздукту жоюу аракетин да күчтөндүрүшүбүз керек болуп турат. Жумушсуздукту жоюу үчүн  жарандарды кесиптик окууларга жөнөтүүнү да колго алуубуз керек болгон менен  Ала-Бука, Токтогул, Тогуз-Торо райондорунда жана Жалал-Абад шаарында  бир да жумушсуз кесиптик окууга жөнөтүлгөн эмес. Област боюнча болгону 168 жумушсуз гана кесиптик окууга жөнөтүлгөн.   Социалдык-экономикалык көрсөткүчтө өсүүлөр да, кемчиликтер да бар-, деди Ажымамат Исаев.  

Аким,мэрлер катуу суралды

Баяндамачыдан кийин пландык көрсөткүчтөргө жетпей калган район-шаарлардын аким-мэрлери суралды. Ыйгарымдуу өкүл Кыянбек Сатыбалдиев жалпы мекеме жетекчилерди пландык көрсөткүчтөргө маани берүүгө чакырды. Ошондой эле ал кетирилген кемчиликтер жоюлбаса, алты айлыкта катуу жазаларга кириптер болушаарын эскертти

-Жыл аягына чейин чыгабыз деген ойдон алыс болуш керек. Урматтуу жетекчилер, уктабастан иштегиле.  Айтылган кемчиликтерди, сунуштарды эске албаган, ишине кайдыгер мамиле жасаган жетекчилерге алты айдын жыйынтыгында катуу сүйлөшүп калабыз.  Элдин нааразычылыгын жаратпай иштейли-деди ал өз сөзүндө.

Ошондой эле жыйында,  суицидди алдын алуу үчүн тийиштүү тараптар иш алып баруу, энелер өлүмүн азайтуу зарылдыктары айтылды. Жыйында айтылгандай, ар бир тармактагы жетекчилер өз жумушун жетиштүү иш алып бара албаса жумуш орду каралат. Айрым атка минерлер  эрден кыйшаюусу мүмкүн болуп турат. Бул эскертүү жыйында 2-3 ирет айтылды.

 

Жумагул ШАЙЫКОВА

Досторуң менен бөлүш

Коментарии FACEBOOK:



Тектеш жаңылыктар

Майда эмес маселелер арбын Майда эмес маселелер арбын

Жалал-Абад областтык өкүлчүлүгүндө өткөн коллегияда жарандарды турак жай менен камсыз кылуу, административдик башкаруунун  абалы  ошондой эле  тарых жана маданият жылындагы аткарылып жаткан иштер...

6 - Июня  2016 | 18 : 7965
ВИЧ илдети баш ооруга айланууда ВИЧ илдети баш ооруга айланууда

  Област аймагында бүгүнкү күндө  708 атуул ВИЧ/СПИД илдетин жуктуруп алган, анын 76сын жашы жете элек өспүрүмдөр түзөт. Мындай маалымат областтык саламаттыкты сактоонун координациялык кеңешменин Ноокен...

6 - Июня  2016 | 18 : 111242
Секелектердин тагдыры сестентет Секелектердин тагдыры сестентет

Областта акыркы үч жылда 15-17 жаштагы кыздардын турмушка чыгуусу көбөйдү.  Ага мисал иретинде 2013-жылы 146 кыз үй-бүлө курган. Андан кийинки жылы 205 кыз мектепти бүтпөй турмуш жолуна аттанган. Былтыр  212 өспүрүм кыз...

6 - Июня  2016 | 18 : 42795
Үй курганга жер берчи Үй курганга жер берчи

2009-жылы республикада сугат аянттарды турак-жай үчүн бөлүп берүүгө мораторий жарыяланган. Ага чейин өлкө аймагында 38  миң  адам  айыл чарба жерлеринин сугат жайларына 42 миӊ турак  жай куруп алган. Бирок,...

7 - Июня  2016 | 12 : 45983
Шаардыктар көчөнү кеңейтүүнү каалады Шаардыктар көчөнү кеңейтүүнү каалады

Жалал-Абад шаарынын  Ленин көчөсүн кеңейтүүнүн  экинчи этабы башталды. Борбордук жолду кеңейтүү  жумушун колго алган шаар бийлигинин  аракетин  шаар жашоочулары гана эмес,  областтын  калкы да...

10 - Июня  2016 | 16 : 40500
ЖАЛАЛ-АБАДДА ЭСКИ ТӨРӨТ ҮЙҮНҮН ИМАРАТЫН ЖАНА ЖЕРИН КИМ САТКАН? ЖАЛАЛ-АБАДДА ЭСКИ ТӨРӨТ ҮЙҮНҮН ИМАРАТЫН ЖАНА ЖЕРИН КИМ САТКАН?

Жалал-Абад шаарынын прокуратурасы быйылкы 17-майда Жалал-Абад областынын райондор аралык сотуна доо арыз менен кайрылып, Жалал-Абад шаарынын мэриясынын 2009-жылдын 26-июнундагы №41 жер аянтын сатуу жана сатып алуу...

15 - Июня  2016 | 10 : 31294
Бизнес-форум – дыйкан менен ишкерге көпүрө Бизнес-форум – дыйкан менен ишкерге көпүрө

Жалал-Абад шаарында  21-22-июнь күндөрү  айыл чарба азыктарын жарнамалоону жана областка инвестиция тартууну көздөгөн  II Эл аралык  бизнес форум   болуп өттү.  Анда  айыл чарба азыктарынын...

27 - Июня  2016 | 12 : 221622