Катюша минген жалгыз Кыргызстандыктын ысымы көчөгө неге ыйгарылбайт?

4 - Мая  2018 | 5 : 22589
Катюша минген жалгыз Кыргызстандыктын ысымы көчөгө неге ыйгарылбайт?

 

     Улуу Ата Мекендик согушта кан кечип,  согуш деген апаатты баштан кечирип, эл жердин бейпил жашоосу  үчүн өз өмүрүн аябаган, согушта катюша минген жалгыз Кыргызстандык Турду Исмановдун  баатырдыгын айтып түгөтө албай даңктап, мактап жүрүүгө арзыйт. Анткени ал Кыргызстандан барган согуш катышуучуларынын арасында жалгыз катюша  минген  инсан болуп  тарыхта калды.  Бирок жүрөгүн, өмүрүн элге арнаган, бизге ушундай жакшы заманды тартуулаган атабыздын эрдиги унутулуп,   айылдагы көчөгө ысымын ыйгарууга эми минтип  ыраа көрүлбөй жатканы өкүндүрөт.   Жергиликтүү бийлик кийинки муундарга атанын эмгегин, эрдигин  даңктоону мындай кой, анын согушка катышканын кадырлап, бир көчөгө атын  ыйгарууга жараган эмес.  Мына Улуу Жеңишти тартуулаган согуш ардагерлерине жасалып жаткан мамиле... “Согуш катышуучуларына таазим” деп ар убак таазим кылаарыбызды айтып, ооз көптүрүп келгенибиз менен иш жүзүндө баары башкача болот тура. Анткени дал ушул согуш ардагерине жасалган мамиле деле бышыктап жатпайбы. Дал ушул атанын өмүрү өткөн Жийде айылында 2001-жылдан бери  уулдары  ардагердин ысымын көчөгө  ыйгаруу маселесин уулдары  көтөрүп келет. Бирок, дале колдоо таппай келет.  

Сузак районуна караштуу С. Атабеков айыл өкмөтүнүн Жийде айылынын тургуну Үрбай Исманов биздин редакцияга   1941-1945-жылдардагы каргашалуу окуяны башынан кечирип келген атасы  Үрбай Исмановдун  эмгеги бааланбай жатканына нааразы болуп кайрылды. Анын айтымында, ал 16 жылдан бери айылдагы көчөлөргө атасынын ысымын берүү боюнча жергиликтүү бийликке кайрыла берип, үмүтү да өчүп калды. Ал жазган катында:

-Атабыз 1922-жылы туулуп, 1940-жылы айылдагы колхозго мүчө болгон. Ал да башка жоокерлердей Ата Мекенин коргоо үчүн согуш талаасына 1942-жылы жөнөп кетип, 1947-жылы эрдиктери үчүн бир канча орден медалдар менен сыйланып кайтып келген. Туулуп өскөн жерине келээри менен эле өз чарбасында айдоочу болуп жумушту баштаган. Кийин бригадир,  башкарма болуп иштеген. 1957-1960-жылдары Фрунзедеги советтин партиялык окуу жайын бүтүрүп, өмүрүнүн аягына чейин “Эркин” колхозунда башкы агроном, башкармасынын орун басары болуп эмгектенип келди.  Ушул бүткүл өмүрүн түнү-түн дебей, күнү-күн дебей иштеген эмгегин өкмөт менен партия баалап, бир канча жолу өкмөттүн сыйлыктарына татыды. Бирок бүгүнкү күндө С. Атабеков айыл өкмөтүндө улуу инсандардын ысымын ыйгарууда баш аламандык орун алууда. Жийде айылынын башкы жолдоруна жаат-жаат,  уруу-уруу болуп бөлүнүп, ысым ыйгаруу жүрүп жатат. Инсандын элге, өкмөткө кылган эмгеги менен эске алынбай калды. Тескерисинче акчалуулар жана кээ бир чиновниктер аралашып жатканы өкүндүрөт. 2006-жылы ошол учурдагы айыл башчы Ш. Касымов айылдагы чоң көчөлөрдүн бирине атамдын ысымын берүү боюнча айылдык кеңештин чечими чыккандыгын айтып, сүйүнчүлөп келген. Баарыбыз сүйүнүп жатканбыз. Кийин ысым ыйгаруу маселеси боюнча чогулушуп болуп, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү да катышып, элдик  таптакыр башка нукка бурулуп кетти. Дегеним менин атамдын ысымы эмес башка акчалуу адамдын ысымын ыйгаруу демилгеси көтөрүлүп, кокустан колдоо таап кетти. Анткени көчөгө аты берилгендин тууган уруктары көбүрөөк катышып, колдоо таап кетишти. Биз ошол учурдагы айыл башчыга эч түшүнө албай калып кеттик. Жогорудагы жолдош Касымовдун жоругуна түшүнбөй райондук кеңештин төрагасы М. Жумуковго бардык. Ал киши да эки мисал келтирип, көчө тургундары чечет деп койду. Ушуну менен олтуруп калдык. Ошондон бери учуру келгенде жергиликтүү бийликке кайрылып келе жатабыз.  Айылдыктар атабызга ысым берүүнү колдошот. Бирок дале көчөгө ысымы берилбей келе жатат. Эл үчүн жан дили менен ак эмгек өтөгөн атабызды эмгеги  бааланбай  жатканы өкүндүрөт-, деп билдир ал.

Атасынын атын коюуну максаттаган Үрбай аба эми минтип жогорку бийлик тарапка да кайрылуу аракетин көрүүгө өттү. Аксакалдын үнү кандай жетет? Ким  ардагердин эмгегин туюп, сезип жардам берет? Мына ушул сыяктуу суроолорго кийин да жооп издеп, кайрылабыз.

 

Жумагүл ШАЙЫКОВА

Досторуң менен бөлүш

Коментарии FACEBOOK:



Тектеш жаңылыктар

Мекеним менин-Кыргызстан Мекеним менин-Кыргызстан

Кыргызстандагы башка аймактардан айырмаланып, Жалал-Абад жергеси  чер токойлуу келип, даңазалуу жаңгагы алма,мисте, алчасы, табигый, тарыхый эстелик жайларга бай жана  туризм тармагын өнүктүрүүгө жетиштүү...

7 - Июня  2016 | 18 : 221462
Өрнөктүү өмүр өтөгөн инсан Өрнөктүү өмүр өтөгөн инсан

Советтик доорду канчалык  “андай эле, мындай эле” деп, сындаганыбыз менен, ал учурдун өзүнүн керемети , касиети жана идеологиясы, анан ошол системаны бекем кармап турган адамдары болгон. Коммунисттик...

7 - Июня  2016 | 18 : 293742
Жаштар –  туура кадам, таза максат үчүн! Жаштар – туура кадам, таза максат үчүн!

Үстүбүздөгү жылдын 13-14-июнь күндөрү “Жаштар - туура кадам, таза максат үчүн!” аттуу республикалык жаштар форуму областта үчүнчү жолу өткөрүлдү. Активдүү жаштардын башын бириктирген иш-чара  жаңгак токою...

17 - Июня  2016 | 14 : 372237
Питерде жумушсузга иш бар Питерде жумушсузга иш бар

Областтын кырк жашка чейинки жумушсуз адамдары үчүн Россия Федерациясынын Санкт-Петербург шаарынан 89 бош жумуш орун табылды. Бул максатта республиканын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик миграция кызматынын...

17 - Июня  2016 | 16 : 191311
“Аза көйнөк азабы...” “Аза көйнөк азабы...”

    Кыргыздын кылым карыткан каада - салттары бар. Ал муун улап жашап келет. Мезгил алмашып, “заман өзгөрдү” деп, айрымдарын унутта да калтырып жатабыз. А бирок,  улам жаңырып, заманбап  “түскө”...

22 - Июня  2016 | 17 : 361556
Кошуналар алчадан  сок жасайт, а биз... Кошуналар алчадан сок жасайт, а биз...

                Жалал-Абад базарында  алча  18-20 сомдон сатып алынып, Казакстанга  экспорттолуп жатат. Төрт жылдан бери алча ташыган Арзымат күнүнө анын 2-3 тоннасы Талас аркылуу Чимкентке...

24 - Июня  2016 | 19 : 482611
Эл комиссары жөнүндө баян Эл комиссары жөнүндө баян

“Тарых жана маданият жылына” карата    Шарапат эненин эскерүүсү Токсонго барып калган Шарапат байбиче Барпы аймагынан чыккан Эл комиссары Абдукадыр Абдраимов жөнүндө төмөнкүчө...

22 - Июля  2016 | 18 : 401866