Балдар үйү жоюлабы?

11 - Мая  2018 | 10 : 15572
Балдар үйү жоюлабы?

 

Акыркы жылдары каралбай калган балдардын саны өсүүдө. Ага карабастан мамлекет балдар үйлөрүн оптималдаштыруу кадамын жандантууну көздөөдө. Максат-балдар үйүндө тарбияланган балдарды жакындарына кайтаруу, үй-бүлөдө  бирдей камкордукта тарбияланууга шарт түзүү. Дал ошол кыскарууга Сузак районуна караштуу Жоомарт Бөкөнбаев атындагы  балдар үйү да кирген. Азыркы тапта ал жайда 22 бала тарбияланып жатат. Атайын түзүлгөн мекемелер аралык комиссия жеринде текшерип, оптималдаштырууга тушугуп жаткан мекеменин кемчилдиктерин ачыктаган корутундусун берген.

 

Алдастаткан ар жылдын чечимдери

КРнын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 7-декабрындагы №813, 2014-жылдын 27-августундагы №490 жана 2016-жылдын 13-октябрь күнкү №540 “2013-2018-жылдарга КРнын интернат тибиндеги балдар мекемелерин башкарууну оптималдаштыруу жөнүндөгү” токтом чыккан. Ошондой эле КРнын Эмгек жана социалдык  өнүгүү министрлигинин 2017-жылдын 3-ноябрындагы №66 буйругун аткаруу менен 2018-жылдын 16-январындагы  мекемелер  аралык комиссиясынын интернат тибиндеги балдар мекемелерин текшерүүсүнүн жыйынтыгы боюнча аналитикалык тактамасынын негизинде, Сузак райондук мамлекеттик администрациясынын 2018-жылдын 23-январындагы №10 буйругуна ылайык балдар үйү текшерилген.  Анда акыркы 5 жылдан бери дал ошол мекемеге мээрим, жатак издеп барган балдарга анализ жасалды.   

Маалым болгондой,  бул Жоомарт Бөкөнбаев атындагы балдар үйүндө  2013-жылы 62 бала тарбияланып, анын ичинен 24 бала  райондук администрациянын жана балдар иштери боюнча комиссиясынын чечими менен 8, айыл өкмөттүн чечимине ылайык 10, арыздын негизинде 20 бала, 2014-жылы 55 өспүрүм тарбияланып, анын ичинен 22си  администрациянын, 1 бала соттун чечиминин негизинде келген.  2015-жылы 51 бала тарбияланса, анын ичинен 4 бала райондук администрациянын чечими менен алынган. 2016-жылы анда жашоо кечирген балдардын саны 57ни түзүп, анын 24ү администрациянын, 13ү соттун чечими  менен жайгарылган.  Бирок ошол эле жылдын  июнь айына чейин 15 бала 9-классты бүтөрү менен жакындарына кайткан. Жыл аягына чейин дагы 13 бала үй-бүлөсүнө кайтарылды.  

 

“Медициналык кароодон өтүшпөгөн”

2017-жылдын декабрь айына чейин ай сайын балдар жана ата-энелер үчүн мониторинг жана аңгемелешүү жүргүзүлүп, жыйынтыгында Сузак району боюнча 4 бала биологиялык үй-бүлөгө берилген. Жыйынтыгында 2018-жылдын башында мындагы мекемеде 34 бала калган. Жумушчу топ  балдар үйүндө тарбияланууга чыккан чечимдеринин мөөнөтү өтүп кеткен 23 бала ал жайда кармап туруу үчүн мыйзамдаштыруу керектигин белгилешкен.

-Балдар үйүнүн бөлмөлөрүндө текшерүү жүргүзүүнүн жыйынтыгы боюнча диспансердик жугуштуу ооруларды каттоо, ай сайын профилактикалык эмдөөлөрдү пландоо, даары дармектерди киреше-чыгашасын каттоо журналдары жок экендиги аныкталды. Дары дармекке талап кылуу жүргүзүлбөйт. Балдардын өздүк китепчелерин текшергенде, бир дагы баланын медициналык кароодон өтүп келгендиги боюнча тактама табылбады-деп билдирилген комиссиянын корутундусунда.

 

Аз тарбиялануучу, ашыкча тарбиячы

Комиссиянын жыйынтыгына маани берсек, штат бирдиктери да көп болуп жатканын билдиришкен.

-Мекемедеги балдарды окутуу, тарбиялоо жана аларды күтүү үчүн 2017-жылы жалпысынан 11 652100 сом өлчөмүндө сметалык чыгымдар КРнын Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан бекитилген. Анын ичинен мугалимдердин, тарбиячылардын, административдик жана чарбалык кызматкерлердин эмгек акысын төлөөгө 7 151 000 сом акча каражаты каралып,  жылдын жыйынтыгы менен 7 143 000 сом каржыланган. Балдар үйүнүн штат бирдиктери Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1995-жылдын 30-сентябрындагы №440 токтомунун негизинде 1-9-класстарга 30 окуучу, 10-11-класстарга 25 окуучу нормасында штат бирдиктери каралган.  Бирок көрсөтүлүп тургандай балдар үйүндөгү балдардын саны белгиленген нормативге салыштырмалуу аз, бирок, кармалып жаткан штат бирдиктери көптүк кылат. Мисалы,2017-жылдын январь айында 53 штат, 1-сентябрга карата 55,3 штат бирдиги түзүлгөн. Бирок КРнын Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан бекитилген эмес. Балдар үйүнүн 2018-жылдын 1-январына берген форма №3-12 отчету боюнча КРнын Өкмөтүнүн №404 токтомунда бекитилген нормага дал келтирүү максатында балдардын санын айылдагы балдар үйүндө тарбияланууга туура келбеген категориядагы окуучулар менен толукталып, мугалимдердин мурдагы эмгек акыларын сактап калууга карата кадам жасалган. 2017-жылдын башында 56 бала сметалык чыгым эсептелген менен балдардын саны азайганы эске алынып, жыл аягында 348 606 сом тамак-аш азыктарынын калдыгы калган. Ал эми Балдар үйүнүн башчысы Бегайым Маматова: “айта кетейин биздин мекемедеги штат бирдиктер жакыр, колдоого муктаж үй-бүлөлөр үчүн балдар бакчасындагы балдарды тарбиялоо үчүн да бөлүнүп, балдар тарбияланып жатат”-деп, билдирди ал.

 

 Мыйзамсыз жайгаруулар болгон

Балдар үйүнүн, Багыш айыл аймагынын министрликке кайрылуусунун негизинде 2017-жылдын жаңы окуу жылынан тарта 3 жаштан 5 жашка чейинки курактагы балдар үчүн мектепке чейинки эки тайпа ачылган. Алардын штат бирдиги балдар үйүнө каралган штат бирдиктеринин эсебинен ачылган.

Жумушчу топ курамы балдар үйүндө түзүлгөн кырдаалды көрүп чыккандан соң, андагы үйдө түзүлгөн кырдаалды “канааттандыраарлык эмес” деп баалашкан.

КРнын Өкмөтүнүн Жалал-Абад областы боюнча ыйгарым укуктуу өкүлүүнүн аппаратынын кызматкери Абдылда Камбаров  балдар үйү боюнча төмөнкүдөй пикирди билдирди:

-КРнын өкмөтү тарабынан  2012-жылы 4 жылда жатак мектептерди оптимизациялоо боюнча токтом чыккан. Биздин областтан Ж. Бөкөнбаев атындагы жатак мектеби кирген. Өкмөттүн токтомун аткаруу боюнча иштер жүрүп жатат. Жумушчу топ барып, текшерип келгенибиз ырас. Бул балдар үйүндө 56 бала болсо, тынымсыз түшүндүрүүлөрдүн негизинде балдарды жакындарына кайтаруулар болду. Биз барган тапта 18 бала мыйзамсыз жайгаштырылганы маалым болду. Башкача айтканда, 18 бала соттун чечими жок балдарды коргоо комиссиясынын, же администрациялардын чечими менен жайгаштырылып калган. Негизи соттун чечимдери менен жайгаштырылуусу керек.

Ал эми балдар үйүнүн жетекчиси Бегайым Маматова “2017-жылдын башында 56 бала болсо 9-классты бүтүп кетишип, жакындарына кайтарылып олтуруп, быйылкы жылдын башында 34 бала калган. Анын ичинен 22си соттун чечими менен жайгаштырылгандыктан гана бул жерде  калтырылды. Калган балдар  жакындарына, убактылуу балдарды кармап туруучу борборлорго которулду.  Алар администрациянын, социалдык жактан коргоо кызматынын чечимдери менен келип калган балдар болчу. Район-шаарлар сотко кайрылуулары керек эле. Бизге жайгаштырган бойдон сотко кайрылбай, соттун чечимдерин албай коюшкан-деп белгилейт.

 

Балдар үйүнүн жери кимди кызыктырат?

Балдар үйүнүн карамагында 25.9 гектар сугат жер, 18.4 кайракы, 36 гектар чөп орок, 34 гектар  жайыт жер аянты жана 3 баш кара малдан турган  көмөкчү чарбасы бар. Мындагы чарбаларынан жыл ичинде 261 550 сом киреше алган. Ал эми демөөрчүлөрдүн эсебинен 89 090 сом каражат түшкөн-деп маалымдашкан жумушчу топтун өкүлдөрү.

Ал эми Бегайым Маматова “оптималдаштырууга киргенибиз айрымдарды кубандырып жаткандай. Себеби жерлерибизди сураштыргандар болуп жатат. Аларга бул мамлекеттик мекеме деп айткым келет”-дейт.

 

Ошондой эле Бегайым Маматова Өкмөттүн саясатын колдой тургандыгын, бирок, негедир Жалал-Абад областында бир аз эртерээк жумуш башталып калгандыгын билдирүүдө:

-Биздин мекеме оптималдаштырууга киргенбиз, экинчи фазага кетип жатабыз. Башка аймактарга  салыштырмалуу бир аз жумуш эртерээк башталып калгандай болуп жатат. Бирок, оптимизация менен биздин статус жоюлуп кетсе, кийин кыйынчылык жаралуусу да мүмкүн-дейт ал.

Ошол эле мезгилде “Балдар үйлөрү керек, аны оптималдаштыруунун, же кыскартуунун зарылчылыгы жок. Себеби, таптакыр ата-энеси, же туугандары жок балдар да кездешет. Ал эми ата-энеси жок балдарды ким асырап алат жана алар мамлекет баккандай кылып, бага алышабы? Айрым практика көрсөткөндөй  мындай балдарды асырап алгандар, аларды кул катары колдонушат жана  кара жумуш үчүн гана багышы мүмкүн. Ал эми мамлекет тамак-ашын,кийим кечесин белендеп, билим-тарбия берип жатат. Ушул нерсе улантыла бериши керек”-дегендер да бир топ. Андыктан бул маселе дагы деле ачык бойдон жана убакытка көз каранды экендиги талашсыз.

 

 P.S.:  Атайын жумушчу топ 5 жылдан бери имаратсыз калган Ш. Базарбаев атындагы орто мектебинин окуучулары менен Ж. Бөкөнбаев атындагы балдар үйүндө окуган 141 окуучуну кошуп окутуу балдар үйүнүн жетекчиси Бегайым Маматовага милдеттендирген. Андан улам жергиликтүү бийлик да эки мектепти бириктирүү боюнча КРнын Билим берүү жана илим министрлигине сунуш жөнөтүшкөн. Азырынча министрлик бир чечимге келе элек. Бирок, учурда Ш. Базарбаев атындагы орто мектебинин окуучулары балдар үйүнүн мектебинде окуп келишүүдө.

 

Жумагүл ШАЙЫКОВА

Досторуң менен бөлүш

Коментарии FACEBOOK:



Тектеш жаңылыктар

Майда эмес маселелер арбын Майда эмес маселелер арбын

Жалал-Абад областтык өкүлчүлүгүндө өткөн коллегияда жарандарды турак жай менен камсыз кылуу, административдик башкаруунун  абалы  ошондой эле  тарых жана маданият жылындагы аткарылып жаткан иштер...

6 - Июня  2016 | 18 : 71044
ВИЧ илдети баш ооруга айланууда ВИЧ илдети баш ооруга айланууда

  Област аймагында бүгүнкү күндө  708 атуул ВИЧ/СПИД илдетин жуктуруп алган, анын 76сын жашы жете элек өспүрүмдөр түзөт. Мындай маалымат областтык саламаттыкты сактоонун координациялык кеңешменин Ноокен...

6 - Июня  2016 | 18 : 111315
Секелектердин тагдыры сестентет Секелектердин тагдыры сестентет

Областта акыркы үч жылда 15-17 жаштагы кыздардын турмушка чыгуусу көбөйдү.  Ага мисал иретинде 2013-жылы 146 кыз үй-бүлө курган. Андан кийинки жылы 205 кыз мектепти бүтпөй турмуш жолуна аттанган. Былтыр  212 өспүрүм кыз...

6 - Июня  2016 | 18 : 42846
Үй курганга жер берчи Үй курганга жер берчи

2009-жылы республикада сугат аянттарды турак-жай үчүн бөлүп берүүгө мораторий жарыяланган. Ага чейин өлкө аймагында 38  миң  адам  айыл чарба жерлеринин сугат жайларына 42 миӊ турак  жай куруп алган. Бирок,...

7 - Июня  2016 | 12 : 451040
Шаардыктар көчөнү кеңейтүүнү каалады Шаардыктар көчөнү кеңейтүүнү каалады

Жалал-Абад шаарынын  Ленин көчөсүн кеңейтүүнүн  экинчи этабы башталды. Борбордук жолду кеңейтүү  жумушун колго алган шаар бийлигинин  аракетин  шаар жашоочулары гана эмес,  областтын  калкы да...

10 - Июня  2016 | 16 : 40537
ЖАЛАЛ-АБАДДА ЭСКИ ТӨРӨТ ҮЙҮНҮН ИМАРАТЫН ЖАНА ЖЕРИН КИМ САТКАН? ЖАЛАЛ-АБАДДА ЭСКИ ТӨРӨТ ҮЙҮНҮН ИМАРАТЫН ЖАНА ЖЕРИН КИМ САТКАН?

Жалал-Абад шаарынын прокуратурасы быйылкы 17-майда Жалал-Абад областынын райондор аралык сотуна доо арыз менен кайрылып, Жалал-Абад шаарынын мэриясынын 2009-жылдын 26-июнундагы №41 жер аянтын сатуу жана сатып алуу...

15 - Июня  2016 | 10 : 31322
Бизнес-форум – дыйкан менен ишкерге көпүрө Бизнес-форум – дыйкан менен ишкерге көпүрө

Жалал-Абад шаарында  21-22-июнь күндөрү  айыл чарба азыктарын жарнамалоону жана областка инвестиция тартууну көздөгөн  II Эл аралык  бизнес форум   болуп өттү.  Анда  айыл чарба азыктарынын...

27 - Июня  2016 | 12 : 221660