Коом жек көрүп, бирок көбөйүүгө жол берген дарт

29 - Мая  2018 | 4 : 47458
Коом жек көрүп, бирок көбөйүүгө жол берген дарт

 

 

Май айынын үчүнчү жекшембиси СПИДден каза болгон жарандарды эскерүү күнү катары белгиленет. Маалыматка ылайык, дүйнөдө ушул күнгө чейин 35 миллионго жакын, ал эми Кыргызстанда 1800дөн ашса, Жалал-Абад областынын өзүндө эле  226сы СПИДден каза болгондор. Адистер ВИЧ илдетине чалдыккан бейтаптын дартын өз убагында аныктап, дарыласа, алар да үй-бүлө күтүп, балалуу болуп, узак өмүр сүрө алат. Бирок, коомчулукта кодулоо мамилесинен улам, дарылануудан баш тартып, каза болгон бейтаптардын саны азайбай келет.   

 

"Баары бизден качышат"

Кыргызстанда быйылкы жылдын 1-апрелге карата маалыматка ылайык, 8миң 158 киши ВИЧ инфекциясы менен катталган. Алардын 7 миң 728 Кыргызстандын жараны. Жалал-Абад областында 2018-жылдын 4 айында 964, алардын ичинен 960ы Кыргызстандын жараны болсо, 15 жаш куракка чейинки өспүрүмдөр арасында 82си катталган
Буркурап ыйлаган эненин айтымында уулу экөөнө дарт ооруканадан жуккан. “Ал ачыкка чыккандан кийин кошуна-колоң, дос-жардын баары менден алыстады. Айрымдар учурашпайт деле. Мындай абалга акыркы учурларда чыдабай баратам. Тишимди тишиме коюп жашайм, айла жок. Күйөөм башка аялга үйлөнүп алды. Анысына да чыдадым. Азыр менин бир гана сырдашым – ушул балам. Ата-энемдикиндемин. Бир туугандарым да кээде баламдан оолак болууга аракет кылганын байкайм”-дейт ал.
 

Коомдон кодуланып, колдоодон качышат

Кыргызстанда ВИЧ илдети менен жашап жаткан төрт миңден ашуун жарандын негизги көйгөйү – коомчулуктан четтеп, өзүн өзү басынтуусу.  Дартка чалдыккан адамдарга карата    дарыгерлер түшүндүрүү иштерин тынымсыз жүргүзүүсү абзел. Анткени бул дартка кабылып, каза болгондордун саны азайбай жаткандыгын сандар тастыктайт. “ВИЧ эпидемиясы башталган 1981-жылдан бери дүйнөдө 76 миллиондой адам катталган. Анын 35 миллиону каза болгон. Учурда 36 миллионго жакыны ВИЧ инфекциясы менен жашайт. Алардын жарымы аялдар болсо, 2 миллионго жакынын 15 жашка чейинки жаш балдар түзөт. Расмий маалыматтарга ылайык, учурда 21 миллиондой  бейтап , башкача айтканда, 54 пайызы  гана дарыланат. Адистердин айтымында бейтаптардын убагында статусу аныкталбай, дарыланбай калгандыгы үчүн өмүрү кескин кыскарат. Мисалы, Кыргызстандын көрсөткүчүндө катталган 8 миң 158 жарандын  3миң 400ү гана дарыланат. Калгандары дарылануудан баш тартат. Негизги себеп бул дартка кабылгандардын  коомдон четтеп, психикасынын жабыркашы, өз келечегин көрө албагандыгы”-дейт Жалал-Абад областынын СПИДдин алдын алуу жана ага каршы күрөшүү борборунун диспансер бөлүмүнүн башчысы Айжан Эрматова.  “ВИЧ илдети жаңы катталганда коомчулукта башкача түшүнүк болуп, “21-кылымдын чумасы” деп аташып, коркушкан. Ошондон улам жада калса дарыгерлер да ал бейтаптарды башка бөлмөгө жаткырып, ушундай мамиле жасашкан. Мунун кесепетинен бейтаптар келип текшерилүүдөн, дарылануудан баш тартып, көпчүлүгү каза болгон. Анын үстүнө антиретровирустук (вируска каршы күрөшүү,же вирустун көбөйүшүн алдын алуу)дарылоо ыкмасы бизге 2006-жылдан баштап келгендиктен, ага чейинкилер дарыланбай эле каза болушкан»-деп, кошумчалады ал.

Дарыланса далай жашайт

Адистердин белгилөөсүндө текшерүүдөн өтпөй жүргөндөрдү эсепке ала турган болсо, жогорудагы сан эки-үч эсе көбөйүшү мүмкүн. ВИЧке чалдыккандардын саны боюнча Ош жана Чүй областтары алдыңкы катарда.
“Республикалык СПИДге каршы жана алдын алуу борборунун маалыматына ылайык, Кыргызстан ВИЧ илдети тездик менен өсүп бараткан 7 өлкөнүн бири. Адистердин жана оорулуу кишилердин айтымында, өлкөдө ушул илдет менен жашап жаткан жарандардын негизги көйгөйү – аларга карата коомчулуктагы кодулоо жана дискриминациялык мамиле болууда.
Бейтаптар үчүн эң негизги нерсе дарылануу. Өз убагында чара көрүү менен алар да ар бир киши сыяктуу үй-бүлө күтүп, балалуу болуп, узак өмүр сүрө алат” –дейт, дарыгер Айжан Эрматова .

-Оору негизинен 3 жол менен гана адамга жугат. Алар жыныстык катнашта, кан аркылуу, же бир ийнени бир нече адам пайдаланган учурда жана ВИЧ илдеттүү кош бойлуу энеден бала төрөлөөр заматта жугуусу мүмкүн. Ошондуктан ооруну убагында аныктап, дарыгердин көзөмөлүндө болуп, антиретровирустук дарылоо ыкмасына өтсө, жашоосун улантып,  ден-соолугу чын, таза балдар төрөлөт-деп,кошумчалайт дарыгер.

Жалал-Абад областынын СПИДдин алдын алуу жана ага каршы күрөшүү борборунун берген маалыматында ВИЧ энеден төрөлгөн балага  илдети жок болсо да,  1 жашка чейин ай сайын мамлекет тарабынан 3000 сом жөлөк пул төлөнөт. Ал эми баласында ВИЧ илдети аныкталса, 18 жашка чейин 3000 сомдон  жөлөк пул ала алат.  

 

Илдет өсүүдө ..!

Учурда Кыргызстандын аймагында жашаган ВИЧ илдеттүү жарандарга негизги дары-дармектер Глобалдык фонд тарабынан акысыз берилет. ВИЧ илдетине чалдыккандар арасында эки-үч жыл мурун баңгизатын колдонгондор басымдуулук кылса, азыр жыныстык катнаш аркылуу дартка чалдыккандар өсүп баратканы айтылууда. Оорунун жайылышына өлкөдөгү социалдык-экономикалык абал да таасир этип жатат. Соңку жылдары чет өлкөгө иштегени кеткен жарандар арасында да мындай илдетке чалдыккандар көбөйүп баратканы бул дарт менен күрөшүп жаткан мекемелердин маалыматтарында жазылууда.

 

Элиза АКЖОЛТОЕВА 

 

Досторуң менен бөлүш

Коментарии FACEBOOK:



Тектеш жаңылыктар

Майда эмес маселелер арбын Майда эмес маселелер арбын

Жалал-Абад областтык өкүлчүлүгүндө өткөн коллегияда жарандарды турак жай менен камсыз кылуу, административдик башкаруунун  абалы  ошондой эле  тарых жана маданият жылындагы аткарылып жаткан иштер...

6 - Июня  2016 | 18 : 71044
ВИЧ илдети баш ооруга айланууда ВИЧ илдети баш ооруга айланууда

  Област аймагында бүгүнкү күндө  708 атуул ВИЧ/СПИД илдетин жуктуруп алган, анын 76сын жашы жете элек өспүрүмдөр түзөт. Мындай маалымат областтык саламаттыкты сактоонун координациялык кеңешменин Ноокен...

6 - Июня  2016 | 18 : 111315
Секелектердин тагдыры сестентет Секелектердин тагдыры сестентет

Областта акыркы үч жылда 15-17 жаштагы кыздардын турмушка чыгуусу көбөйдү.  Ага мисал иретинде 2013-жылы 146 кыз үй-бүлө курган. Андан кийинки жылы 205 кыз мектепти бүтпөй турмуш жолуна аттанган. Былтыр  212 өспүрүм кыз...

6 - Июня  2016 | 18 : 42846
Үй курганга жер берчи Үй курганга жер берчи

2009-жылы республикада сугат аянттарды турак-жай үчүн бөлүп берүүгө мораторий жарыяланган. Ага чейин өлкө аймагында 38  миң  адам  айыл чарба жерлеринин сугат жайларына 42 миӊ турак  жай куруп алган. Бирок,...

7 - Июня  2016 | 12 : 451040
Шаардыктар көчөнү кеңейтүүнү каалады Шаардыктар көчөнү кеңейтүүнү каалады

Жалал-Абад шаарынын  Ленин көчөсүн кеңейтүүнүн  экинчи этабы башталды. Борбордук жолду кеңейтүү  жумушун колго алган шаар бийлигинин  аракетин  шаар жашоочулары гана эмес,  областтын  калкы да...

10 - Июня  2016 | 16 : 40537
ЖАЛАЛ-АБАДДА ЭСКИ ТӨРӨТ ҮЙҮНҮН ИМАРАТЫН ЖАНА ЖЕРИН КИМ САТКАН? ЖАЛАЛ-АБАДДА ЭСКИ ТӨРӨТ ҮЙҮНҮН ИМАРАТЫН ЖАНА ЖЕРИН КИМ САТКАН?

Жалал-Абад шаарынын прокуратурасы быйылкы 17-майда Жалал-Абад областынын райондор аралык сотуна доо арыз менен кайрылып, Жалал-Абад шаарынын мэриясынын 2009-жылдын 26-июнундагы №41 жер аянтын сатуу жана сатып алуу...

15 - Июня  2016 | 10 : 31322
Бизнес-форум – дыйкан менен ишкерге көпүрө Бизнес-форум – дыйкан менен ишкерге көпүрө

Жалал-Абад шаарында  21-22-июнь күндөрү  айыл чарба азыктарын жарнамалоону жана областка инвестиция тартууну көздөгөн  II Эл аралык  бизнес форум   болуп өттү.  Анда  айыл чарба азыктарынын...

27 - Июня  2016 | 12 : 221660