Жаңылыктар

Батыровдун бир мүлкү коогалаңда жабыркагандардын балдарына суралды

Батыровдун бир мүлкү коогалаңда жабыркагандардын балдарына суралды

“К. Батыровдун мамлекетке өткөн мүлктөрүнүн бирин  июнь калабасында жабыр тарткандардын балдары ъчън ажыратып берсин”, деген пикирди “Санпа шейиттери”  коомунун төрагасы Байыш Асанов билдирди. Анын айтымында К. Батыровдун мамлекетке өткөрүлгөн обьектилеринин ичинде  жаш балдардын эс алууга ылайыкташкан да жайлары  бар.  Мына ошол имараттардын бирине коогада каза болгондордун жана жабыр тарткандардын...

13 - Июня  2016 | 17 : 6262
Украина бизге эшик ачууда

Украина бизге эшик ачууда

Украина өкмөтү Жалал-Абад областы менен иштешүүгө кызыктар. Соода-сатык байланышын чыңдоо, азык-түлүктөрдү кайра иштетүүгө украиндер өзгөчө басым коюшууда. Анткени, биздеги азыктар экологиялык жактан таза, эч кандай химикатсыз экени аларды кайдыгер калтырбайт. Бирок, Украина жана Европа рыногуна чыгууга айыл чарба азыктары азырынча талаптагыдай эмес. Бул жаатта эл аралык тажрыйба  алышуу, сүйлөшүүлөр жана заманбап...

15 - Июня  2016 | 9 : 40653
Жаштар форуму старт алды

Жаштар форуму старт алды

Базар-Коргон районундагы  Арстанбап пансионатында «Жаштар – туура кадам, таза максат үчүн!» III республикалык   жаштар форуму  башталды. Ал эки күнгө созулат.  Иш чаранын уюштуручулары КРнын Өкмөтүнүн областтык ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү, Базар-Коргон райондук администрациясы, ПРООН, ОБСЕ, Эл аралык коргоо кыймылы.  Ага  аталган эл аралык уюмдардын, областтык, райондук жана жергиликтүү бийлик ...

15 - Июня  2016 | 9 : 46729
№27 - Булак кайра талашка түштү

№27 - Булак кайра талашка түштү

“Жалал-Абад” минерал суусу алынуучу №27-булак бир канча жылдан бери талашка түшүп келүүдө. Бул булак  жайгашкан үч гектар жер аянты Сузак районундагы Барпы айыл аймагынын карамагында болгондуктан бул маселени айылдык кеңештин депутаттары кезек-кезек сессиянын күн тартибине коюп, анда бир ооздон булакты өз карамактарына алуу,  же болбосо аны иштеткен белгилүү  ишкер  Келдибек Туманов айыл өкмөттүн казынасына ...

15 - Июня  2016 | 10 : 271126
Жалал-Абадга самолёт каттай баштады

Жалал-Абадга самолёт каттай баштады

  Жалал-Абадга самолёт каттай баштады   Союз мезгилинде   Фрунзе шаарына (Бишкек) эле күнүнө  беш ирет, андан башка Каракол, Талас, Казарман каттамдарын үзгүлтүксүз тейлеп келген Жалал-Абад аэропорту негедир союз ыдыраганы “тар жана  аэропорттун стандартына туура келбейт, аянты талапка жооп бербейт” деген  жоромолдор менен авиакаттамдар кескин кыскарып, эл борбор калаага, же башка алыскы...

15 - Июня  2016 | 10 : 29515
Талаадагы дан – дасторконго нан

Талаадагы дан – дасторконго нан

Ноокен районунда дан эгиндерин чаап-жыйно иши кызуу жүрүп жатат. Быйыл райондун дыйкандары 2559 гектарга күздүк жана жаздык буудай эгип өстүргөн. Буудай чаап-жыйноо жумушу  райондо 9-июнда башталган. Андан бери 14-июнга чейин 300 гектар аянттагы буудай жыйналды. Райондун айыл чарба башкармасынын башкы адиси Алимбек Эгембердиевдин ырасташынча анын түшүмдүүлүгү орточо гектарына 40 центнерден айланууда. Анын билдиришинче  дан...

15 - Июня  2016 | 10 : 37623
“Адилеттик”  мэрия менен соттошот

“Адилеттик” мэрия менен соттошот

“Адилеттик” уюму маалымат алуу мыйзамын бузду деген айып менен Жалал-Абад шаардык мэриясын сотко берди. Бул тууралуу аталган коомдук уюмдун өкүлү Өткүрбек Жаббаров билдирди. Анын айтымында уюм Жалал-Абад шаарынын башкы планы боюнча маалымат сурап, мэрияга үч жолу кайрылган. Бирок, уюмдун кайрылуусуна шаардык мэриядан жооп беришкен эмес. Ошондон улам уюм сотко кайрылууга мажбур болгон. Ө. Жаббаровдун кошумча...

15 - Июня  2016 | 10 : 43186
Балдардын оорусу көбөйүүдө

Балдардын оорусу көбөйүүдө

Адистер акыркы учурда балдар арасында түрдүү  ооруулар көп болуп жатканын белгилешүүдө. Айрыкча эхинокок, жүрөк кемтиги жана жугуштуу оорулар былтыркы жылга салыштырмалуу кыйла көп катталган. Бул тууралуу маалымдаган балдар хирургиясынын башкы дарыгери Кыпчак Токторбаев өсүп жаткан төмөнкү ооруларды белгилейт: -Жалал-Абад областык клиникалык ооруканасынын балдар хирургиясында жыл башынан бери 12 бала эхинокок...

16 - Июня  2016 | 17 : 13837
Китепканачыларда да өнөр бар

Китепканачыларда да өнөр бар

Аксы районунда айыл өкмөттөрдүн аймагында иштеген китепканачылардын “Кызыл үй- Даткайым”  аттуу сынак болуп өттү. Мындай кабар Аксы районунун акиминин орун басары Зарипа Калматовадан алынды. Анын айтымында аталган иш-чара быйылкы “Тарых жана маданият жылына”  байланыштуу райондук маданият бөлүмү тарабынан уюштурулду. Сынакка райондогу жыйырма жети китепкананын кызматкерлери катышты. Сынактын жыйынтыгы...

17 - Июня  2016 | 13 : 10261

"Биз биргебиз" балдарды сүйүнттү

Тогуз-Торо районунда социалдык жактан аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн балдарын коргоо үчүн уюштурулган бир айлыктын жыйынтыгы чыгарылды. Акция 15-майда башталган болчу. "Биз биргебиз" аттуу акция  15-июнда бүттү. Бул тууралуу  райондун акиминин орун басары Гүлжамал Султангазиева билдирди. Анын билдиришинче акциянын акыркы күнү Тогуз-Торонун беш айыл өкмөтүнөн келген алты команда спорт оюндары боюнча мелдешти....

17 - Июня  2016 | 13 : 16310
ПРООНдун эмгеги баалуу

ПРООНдун эмгеги баалуу

Көз карандысыз баалоо миссиясынын башчысы  Уан Нгуйен айым жана миссиянын эксперттери Элинор Байрактари, Нино Парцхаладзе  ПРООНдун Жалал-Абад областында аткарып жаткан иштери туурасында  билүү үчүн Өкмөттүн областтагы өкүлүнүн орун басары Мамасалы  Акматов менен жолугушту. Миссиянын башчысы Уан Нгуйен айым ПРООНдун мындан аркы иш алып баруусун  баалоо иши маанилүү экенин билдирди. Анын  “уюмдун ишине...

17 - Июня  2016 | 15 : 10763
Форум инвестицияны чакырат

Форум инвестицияны чакырат

21-июнда Жалал-Абадда 2-эл аралык бизнес форум өтөт. Мында негизинен айыл чарба азыктарына көңүл бурулат. Россия, Казакстан , Кытай өлкөлөрүнүн консулдары, бизнесмендери  катышуусу күтүлүүдө. Максат- жергиликтүү айыл чарба азыктарын жарнамалоо жана областка инвестиция тартуу. Эл аралык деңгээлдеги форум CIZ,  UZAID, ПРООН жана ОБСЕ уюмдарынын жардамы менен өткөрүлөт. Форумдун жүрүшүндө айыл чарба азыктары көргөзмөгө коюлат....

17 - Июня  2016 | 15 : 20824