Жаңылыктар

Кытайды тырчыткан жолугушуу

Кытайды тырчыткан жолугушуу

АКШ президенти Барак Обаманын Тибеттин диний лидери Далай Лама менен кезектеги жолугуусун Кытай сынга алды. Кечээ эки тарап Вашингтондо жолугуп, Тибет менен Кытай конструктивдүү жана түз сүйлөшүүсү керек деген жыйынтыкка келишкен. 15-июнда АКШ Ак үйүндө президент Барак Обама менен...

17 - Июня  2016 | 16 : 3203
Актөбө окуясынын чоо-жайы бүдөмүк

Актөбө окуясынын чоо-жайы бүдөмүк

Казакстандын Ички иштер министрлиги 5-июнда Актөбө шаарына кол салгандар Сириядан башкарылганын билдирди. Министрликтин маалыматы боюнча, Сириядагы лидер аларды кол салууга үйрөткөн жана шыктандырган. Казакстандын ички иштер министри Калмухамбет Касымов Актөбөдө кол...

17 - Июня  2016 | 16 : 8263
Жалал-Абад облусунда чагылгандан 115 кой өлүп, 30у дайынсыз

Жалал-Абад облусунда чагылгандан 115 кой өлүп, 30у дайынсыз

КР ӨКМнин Аксы райондук бөлүмүнүн башчысы, капитан Замирбек Дүйшөбаевдин берген маалыматы боюнча: 2016-жылдын 16-июнунда саат 09:00-10:00 чамасында Аксы районунун Ак-Жол айыл аймагына караштуу Ак-Суу айлынын тургундары Анарбек Уулу Жахангир жана Умар Жолдошбаев Таш-Көмүр шаарына караштуу Шамалдуу-Сай шаарчасынын тургундарынын 600 баш койлорун Токтогул районунун Кашка-Суу жайлоосуна айдап бара жатышып, Кара-Көл шаарынын лесхозуна...

21 - Июня  2016 | 16 : 13360
Эски мектептин ордуна

Эски мектептин ордуна

Аксы районунунун Кош-Дөбө айыл өкмөтүнүн аймагында Жакып Султанов атындагы орто мектептин эки кабаттуу жаңы имараты курулуп жатат. Бул тууралуу райондун акиминин орун басары Зарипа Калматова 21-июнда билдирди. Анын белгилешинче мектепти Оштон келген курулуш фирмасы курууда. Азыркы учурда анда иштеген жыйырма жумушчу мектептин экинчи кабаты менен спорт залын куруу жумуштарын жүргүзүүдө. Куруучулар имаратты 25-августка...

21 - Июня  2016 | 16 : 35314
Сузакта чагылган түшүп, 55 баш кой өлдү

Сузакта чагылган түшүп, 55 баш кой өлдү

20-июнь түнү, саат 03:00 чамасында  Сузак районуна караштуу Кызыл-Туу айыл аймагына караштуу Күрөбөс жайлоосуна чагылган түшүп, Алмалуу-Булак айылынын тургуну Медербек Каамытовдун элден бадага алып чыккан 55 кою өлгөн. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Басма сөз кызматынан маалымдашты.

Анда айтылгандай, М.Каамытов өлгөн койлордун 20сын адалдап союп, калган койлорун союуга үлгүргөн эмес.

22 - Июня  2016 | 17 : 2681
Жыл башынан бери өлкө боюнча 31 адам сууга чөгүп каза болду

Жыл башынан бери өлкө боюнча 31 адам сууга чөгүп каза болду

2016-жылдын башынан бери жалпы республика боюнча 31 адам сууга чөгүп каза болгон, анын ичинен 18 эркек, 4 аял жана 9у жаш балдар. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Басма сөз кызматынын жетекчиси Абдишарип Бекилов билдирди.   Бекилов белгилегендей, анын ичинде: Чүй облусунда - 12 адам (8 эркек, 1 аял, 3 жаш балдар); Нарын облусу - 1 адам; (1 эркек); Талас облусу - 3 адам (2 эркек, 1 жаш...

22 - Июня  2016 | 17 : 10521
Бала баланын өмүрүн кыйды

Бала баланын өмүрүн кыйды

  Кечээ күнү Сузак районунун Кулбайуулу айылында  дене бойду титиреткен кырсык болду. Анын себепкери он беш жаштагы мектеп окуучусу. Ал атасынын “Портер” автомашинасын айдап, көчө чаңытып, жогорку ылдамдыкта кетип баратып, жол жээгинде эки инисин ойнотуп жүргөн жети жашар баланы уруп кетет. Бала ошол жерден жыгылганда, ал кайра машинаны артка айдап, баланы экинчи ирет тебелетет. Натыйжада бала былчыланып, кырсык...

23 - Июня  2016 | 11 : 2610
Аймактарда болгон сел кесепеттери такталууда

Аймактарда болгон сел кесепеттери такталууда

Жалал-Абад облусу Аксы районунун Кара-Суу айыл аймагында 2016-жылдын 22-июндан 23-июнга караган түнү саат 02:00-03:00 чамасында катуу жааган жамгырдын кесепетинен сел жүрүп, Чалдыбар айылынын Досбайдын-Дөңү участкасындагы 15 кожолукту айыл аймактын борбору менен байланыштыруучу узундугу 1500 метр болгон ички чарбалык жолдун айрым жерлерине (5 жерин) жылгалардан түшкөн шагыл-таштар каптап, жол каттамы жабылып калган. Кашка-Суу айыл...

24 - Июня  2016 | 12 : 29667
Быйыл областта жаратылыш кырсыгы олуттуу болду

Быйыл областта жаратылыш кырсыгы олуттуу болду

  Быйыл жыл башынан тартып, июнь айына дейре областтын аймагында  табигый мүнөздөгү  29 (урап түшүү, түтүнгө уулануу, жер көчкү, кар көчкү, сууга чөгүү, сел ташкындары, күйдүргү, өрт) кырсык  катталды. ӨКМдин областтагы башкармалыгы билдиргендей мындай кокустуктардан  5 адам каза болду. Жогоруда айтылган кырдаалдардын кесепетинен  - 44 миллион 252 миң 319 сом чыгым...

24 - Июня  2016 | 13 : 01453
Ала-Букада торпоктор кырылды

Ала-Букада торпоктор кырылды

  Ала-Бука районунун Кош-Чат жайлоосунда 25 торпок, 2 уй өлгөнү тууралуу интернет булактарына маалымат тарап кеткен. Бул тууралуу жакында өткөн коллегияда Өкмөттүн Жалала-Абад областы боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Жумагъл Эгамбердиева кызыгып көрдү. Район акими Сонунбек Акбаралиевдин пикиринде,  интернеттеги маалыматка төгүндөө берилди. Район боюнча жалпы 25 торпок өлгөн. Бирок ал кара өпкө оорусунан эмес, табияттын...

24 - Июня  2016 | 19 : 31517
Мамлекеттик кызматкерлер сыйланды

Мамлекеттик кызматкерлер сыйланды

    КР Өкмөтүнүн Жалал-Абад областы боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Жумагүл Эгамбердиева 23-июнь - мамлекеттик кызматкерлерди кесиптик күнү менен куттуктап, айрым кызматкерлерди сыйлады. Ошондой эле ал мамлекеттик кызматкерлерди сабырдуу, адептүү, чынчыл, элге ырайымдуу, сыпайы болууга чакырды. -Өлкө башчыбыздын “Мамлекеттик кызмат – бул элге кызмат кылуу экенин унутуп койгон айрым жогорку кызматтагы...

24 - Июня  2016 | 19 : 42268
Аттракцион  коопсузбу?

Аттракцион коопсузбу?

Жалал-Абад шаарындагы  “Токтогул” паркында 25, ”Жеңиш” паркында 19 аттракцион бар. Алардын көпчүлүгүндө  баалар жана  техникалык коопсуздуктар тууралуу кенен жазылбаган. Кызмат акыны төлөөдө чек берилбейт. Айрым аттракциондорду оңдоп- түзөө керек.         КРнын Өкмөтүнө караштуу монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттигинин Жалал-Абад областындагы бөлүмү жана шаардык мэриянын...

1 - Июля  2016 | 13 : 4820